Менчик үйлөр үчүн

Төмөндө имараттын ар бир элементин: эшиктерди, терезелерди, чатырды ж.б. жылуулоо боюнча кеңештер берилди.
Кеңештер ар түрдүү деңгээлде – Сиздин каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүңүздөн, жалпысынан боло турган пайдадан, улам чараларды тандаңыз.
Эсиңизде болсун, ар жылы азыраактан чыгымдаган кадимки практикага караганда бир жолу көбүрөөк сарптоо жакшы!

Жылуулоо жана кайра куруу

үйдөгү жылуулукту сактоо: Эмнеден баштоо керек?

Чатырды жылуулаңыз, эгерде

•       кышында үйдүн чатырында көптөгөн салаңдаган муздар пайда болсо,

Чатырды оңдоңуз, эгерде

•       көк дат пайда болсо,

•       жаан-чачын болгон учурда нымдуу тактар көрүнүп турса,

Суудан тосмону орнотуңуз, эгерде

•       шыпта жана бурчтарда нымдын издери болсо,

Дубалдарды жылуулаңыз, эгерде

•     кышында дубалдын ички жогорку жагы муздак болсо,

•     ички кооздоолордо нымдын/көктүн издери көрүнүп турса же жыт бар болсо,

Полду жылуулаңыз, эгерде

·         полдун үстү дайыма муздак болсо. 

 

Эшикерди жылуулоо
  • Тамбур (эшиктердин ортосундагы өткөөл аралык) жасаңыз - үйдө жылуулукту сактоонун мыкты ыкмасы

Баасы: 40-100 миң сом

  • Мурдагы кошумча экинчи жылуулаган эшикти коюңуз

Баасы: 2-4 миң сом, сактоо натыйжасы - 3-12%

  • Эшикти жылуулаңыз- эшиктин коробкасы менен дубалдын ортосундагы тешикти монтаж көбүгү же тыгыздагыч (уплотнитель) менен бекитүү.

Жыгач эшиктер үчүн кийиз рейканы колдонгон пайдалуу: материалды тешикке киргизбестен, аны менен тешикти (тешикти бүтөбөй) жабыңыз. 

Баасы: 400 сом, сактоо натыйжасы - 3-5%

 

Эшиктерди жылуулоонун атаандаш жолу

Одеялдан экинчи эшикти жасаныз!

Артыкчылыгы:

Эшик аркылуу жылуулук жоготуу 30%га төмөндөйт

Кемчилдиги:

үйгө кирүүдө ыңгайсыздыкты жаратат (бекиткич менен катырып бекемдеп коюуга болот)

Зарыл материалдар жана баасы:

Эшиктин энине туура келген жыгач рейка же рельса жана бекиткичтер - 50 сом

Одеял

манилүү: Одеялдын бийиктиги шыптан полго чейин болушу керек. Одеялдын ылдый жагы полдо жатышы абзел.

Терезелерди жылуулоо

1.      Терезени көп камералуу профилдеги,

•       эки же үч кабаттуу айнек пакети менен,

•       энергияны сактоочу терезеси бар сапаттуу терезеге алмаштырыңыз.

Баасы:кв.м. үчүн 5 миң сом, орточо бир үйгө болжол менен 80 миң сом.

Артыкчылыгы:

Энергияны сактоочу айнек суукту өткөрбөйт, үйдөн жылуулукту чыгарбайт. Жайындасы мындай терезеси бар үйлөр бир топ салкын болот.

Үйдөгү жылуулукту 80%га кармайт

Сактоо натыйжасы – 1600 кВт с/ж

Кемчилдиги: Өзүн актоо мөөнөтү –  7- 10 жыл

 

Терезени жылуулоо:

·         рамалардын ортосундагы тешиктерди,

·         айнек рамага тийип турган жерлерди,

·         терезенин алдындагы (подоконник) жылчыктарды жылуулоо керек.

Бош жерлер болбош үчүн терезе алдындагы тактаны алып, жылчыктарды жылуулагыч, мисалы, минералдык вата менен жылуулаңыз.

Баасы: 400 сом,

Сактоо натыйжасы – 3- 5% 

Терезени жылуулоонун атаандаш жолу:

1.       Жылуулагыч катары көбүкчөлүү пленканы пайдаланыңыз!

Тиричилик техникасын коробкадан чыгаргандан кийин көбүкчөлүү пленка калган болсо, аны пайдалуу ишке колдонуңуз! Терезени азыраак нымдап, пленканы ага жабыштырыңыз.

Артыкчылыгы: Жылуулуктун терезеден чыгуусун 50%га азайтуу

Кемчилдиги: Терезенин жарыгын бир топ азайтат

Баасы:

•       Көбүкчөлүү пленка (таңгактардын калдыктары)

Суу – 50 мл (чачкычты пайдаланууга болот)

 

2.        Одеялдан рулон штор жасаңыз!

Артыкчылыгы:

Терезеден жылуулуктун чыгуусун 30%га азайтат

Кемчилдиги:

Комнатанын дизайнына жана интерьеринке туура келбей калышы мүмкүн

Зарыл материалдар жана баасы:

Терезенин узундугундагы жыгач рейка, бекиткичтер – 30 сом

Терезенин узунуна туура келген одеял

Чатырды жылуулоо

Үйдүн чатыры – жылуулоо керек болгон маанилүү элемент. Чатыр аркылуу

·         Гидробөлүү жылуулагычты атмосферадагы нымдан, конденсаттан (жылуу абанын үйдүн чатырына тийүүсү) сактайт. 

·         Бекем, толук бөлүп коюу үчүн 10 см жылуулагычты төшөө керек

·         Буу менен бөлүү (пароизоляция)  жылуулукту бөлүп туруу режимин колдоо үчүн, курулуш курулмаларын нымдан, конденсаттан, суунун буусунан сактоо үчүн маанилүү. 

Баасы – 1560 сом/м2, орточо үйгө 235  миң сом

Сактоо натыйжасы – 4 200 кВт с/ж

Өзүн актоо мөөнөтү – 9 жыл

1.      Үйдүн үстүн (чердакты) сыртынан жылуулоо

Эки жакка жантайган кадимки чатырчадагы чердакты жабуу үчүн кымбат эмес түрдүү материалдарды (рулондогу изовер, камыш, саман менен жеңил ылай ж.б.) колдонууга болот.

Чатырчадан суу акпай, материал дайыма кургак болушун жана шамалдап туруусун көзөмөлдөө зарыл. 

Дайыма жылуулоо тартибин сактоо маанилүү:

·         бөлүп жаткан жердин алдына нымды тоскучту (паробарьер) коюңуз – же фольгоизол колдоно турган болсоңуз, фольгасын ЫЛДЫЙ каратып коюңуз – нымдын өтүшүнөн сактайт,

·         үстүнөн буу өтө турган (шамалдан сактоочу) пленка төшөңүз – чаңдан жана конвекциялык жылуулук өтмөлөрүнүн азаюусунан сактайт,

устундун үстүнөн кошумча жылуулук кармоочу кабатты орнотуу маанилүү – устундун жыгачын конденсаттан сактайт.

2.         Шыпты ичинен жылуулук менен бөлүү (теплоизоляция)

Көңүл буруңуз: Шыпты бөлмө тараптан жылуулук менен бөлүүдө материалды ачык калтырууга же шыпка полистирол плиткасын колдонууга болбойт.

Плитка күйүп кеткен учурда, ал эрип баштайт да, уулуу газдар бүтүндөй имаратка тарап, дем алуу жолдорун олуттуу күйгүзүү коркунучу бар.

 

Коопсуздук эрежелерин туура колдонуу:

- бөлүнгөн жерди шыбап коюу же

- гипсокартон менен жабуу.

Дубалдарды жылуулоо

·         СЫРТКЫ гана жылуулоону пайдаланыңыз:

Ичинен жылуулоо дубал менен бөлүнүп турган катмардын ортосуна конденсаттын жаралуусуна алып келиши мүмкүн, бул дубалдарды көгөртүп жиберет, имаратты пайдалануу мөөнөтүн азайтат. Кыштардын ортосун жылуулоо үйдүн ичинде жаман жытты пайда кылат.

  • Жылуулоо канчалык калың болсо, ошончолук жакшы,
  • Материалдын бекемдиги эмес, жылуулукту кармоо касиети мааниге ээ болот,
  • Жылуулук менен бөлүү катмары бир түрдүү болушу керек,

Жылуулук менен бөлүү материалдары дубалга жана каркаска, ошондой эле бири-бирине бекем тийип туруусу зарыл.

Дубалга рулон жылуулагычтарды пайдаланууга БОЛБОЙТ!

Саман дубалдарды жылуулоо

Саман үйлөр жылуулоо үчүн өзгөчө мамилени талап кылат:

  • Алар үчүн буу өтпөгөн материалдарды колдонууга болбойт – нымды жөнгө салып турууга тоскоол болот,
  • Бекемдөөдө саман дубалдын бышыктыгы эске алынышы керек:

1.       Жылуулоо үчүн сырткы каркас (опалубка) тургузулат,

2.       Жылуулук бөлгүч (минералдык вата, саман) каркаска, дубалга жабыштырылып, клейи жок төшөлөт

3.       Жылуулук менен бөлүүнүн үстүнөн жыгач торчо (решетка) орнотулат жана өрт коопсуздугун эске алуу менен, шыбалып коюлат

4.       Шыбактын алдынан торчого армитр сеткасы кагылат

Жасалгага (отделка) чейин 2-3 катмар болгон финалдык шыбак

Кыргызстандын ар башка аймактары үчүн климаттык шарттарды эске алуу маанилүү.

Нарын облусу үчүн жылуулагычтын оптималдуу калыңдыгы – 9 см, тоолуу жана бийик тоолуу райондор үчүн – андан жогору. Бишкек жана Чүй облустары үчүн – 5 см.

Саманга бекитүү үчүн атайын саманга ылайыкталган мыктарды же атайын бекемдегичи бар дюбелдерди колдонуу керек.

Полду жылуулоо

Эгерде Сиздин полуңуз цемент болсо, полду төмөнкүчө жылуулоого болот:

1)      Полдун үстүн тазалоо, линолеумду алып салуу,

2)      Клей берип,

3)      Плиталык жылуулук тосмо материалды жаюу,

4)      Буу тосмо катмарын жаткыруу,

5)      Ламинатты жаюу.

 

·         Жыгач полдорго туура келбейт.

·         Лагалардагы полдордо колдонулбайт.

·         Полдун бийиктигин көбөйтөт жана ички эшиктерди техникалык жактан чечүүнү талап кылат.

 

Эгерде Сиздин полуңуз лагаларда (полдун алдында аба мейкиндиги бар) болсо, мейкиндикти желдетүү жана бууну тосуу эрежелерин сактоо маанилүү.

Жылуулоодо такталардын абалын текшерүү маанилүү, чирүү белгилери болсо, тактаны сөзсүз алмаштыруу зарыл.

 

·         Буу тосмо дайыма жылуураак турак жай жактан акыркы катмардын алдынан орнотулат.

·         Буу тосмону орнотууда мембрананын бүтүндүгүн сактоо зарыл, биринин артынан бирин аралык калтырбай коюп, ал эми бириккен жерлерин буу өтпөй турган монтаж тасма менен клейлөө керек.

·         Пайдубалдагы лагалар боюнча полду кагууда жылуулук тосмону орнотуунун алдында суудан тосмо мембрананы орнотуу зарыл. Бириккен жерлердин баарын буу өтпөй турган монтаж тасма менен клейлөө зарыл.

·         Муздак дубалдын үстүнөн тосмону орнотууда рулон жылуулук тосмону колдонгон ыңгайлуу, анткени аны лагалардын ортосуна жаюу оңой, бул орнотуу убактысын олуттуу үнөмдөйт.

Орнотуу (монтаж) кеңештери

Орнотууга (монтажга) көңүл бургула!

Жылуулоо көпкө кызмат кылыш үчүн жылуулагычтын өзүнүн эле эмес, аны орнотуу ишинин да сапаты маанилүү.

1. Чеберди/бригаданы/компанияны тандоо:

Буларга көңүл бөлүңүз:

•       Иш тажрыйбасы (канча жыл)

•       Сунуштамалар/ мурдагы иштери

•       Төлөм акысы (аванс, кошумча төлөө)

•       Иштин толуктугу, мөөнөттөрү (түштөнүү кандай уюштурулган/таштандыны тазалайбы)

 2. Чебер менен сөзсүз түрдө келишим түзүңүз

•       Иштин көлөмүн жана аткаруу мөөнөтүн макулдашкыла.

3.  Үстүн текшерүү: Жылуулагычты орнотуунун алдында фасаддын бети кирден таза болушун, бузулган жерлери оңдолуп, тешиктери бүтөлгөнүн текшерүү керек.  

4.  Жылуулагычты төшөө

•       Плиталарды төшөө дубалдардын бурчтарынан башталат

•       Бурчтарда плиталар бири-бирине капталып төшөлөт!

•       Жылуулоо плиталары кыш дубал катары – капталынан байлануу менен төшөлөт.

Плиталардын ортосунда боштук калбашы керек. 

5. Бекемдөө (армировкалоо)

·         Бардык бурчтар бекемдөө тору менен оролгонун караңыз

·         Эшиктердин жана терезелердин рамкага салынышына көңүл буруңуз. Жакшы отурбай тирелип калган жерлер тор менен кошумча бекемделиши керек

Андай болбосо, бир жылдан кийин ошол бурчтардагы сырткы шыбактар жарылат, сыйрылып түшөт жана кайрадан оңдоого туура келет. 

 

 

6. Жылуулагычты бекитүү

•       Атайын клейди колдонуу керек

•       Тегерек бөрктүүдюбель менен кошумча бекемдөө зарыл.

Алардын узундугу жылуулагычтын калыңдыгына жараша тандалат

7. Коргоо катмары

Жакшы жана туура бекемдөө үчүн клейди торго эмес, торду клейге жаткыруу керек.

-          Тор үчүн клей + Тор + Шыбак