Атаандаш булактар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда энергиянын негизги  колдонулуучу булактары бул- суу, көмүр, газ, мунай? энергетика болуп эсептелет. Бирок табиятта казылып алынган отундун запастары, белгилүү болгондой, чектелген. Андан сырткары дагы Токтогул суу сактагычында суунун чогулган коломунун (запастарынын) аздыгы тууралуу көп эле угуп жүрөбүз. Бүгүнкү күндө энергияга болгон баалар күн сайын өсүп жана коомдук нормалар пайда болууда (электр энергиясын баасы керектелген энергиянын көлөмүнө жараша эсептелет). «Энергетикалык кризис-жакындап келгенинде эмне кылыш керек» деген суроого жооп мурдатан эле табылган-ал учун энергиянын башка булактарын издешибиз зарыл, маселен: атаандаш булактар, кайра калыбына келүүчү булактар.

Энергиянын атаандаш булактары- салттуу болгон электр энергиясын (же башка керектуу энергиянын турлорун) мунай, жаратылыш газы, көмүрдөн сырткары өндүрүп алуунун салттуу жолдорун алмаштыруучу ыкмалардын, жабдуулардын түрлөрү.

Мындан сырткары салттуу электр энергия булактарындай болуп атаандаш энергия булактары табиятка куйгон учурда комур кычкыл газын чыгаруу аркылуу терс таасирин тийгизбейт.

Атаандаш энергия булактарынын негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Күндүн энергиясы – Күн коллекторлору, күн батареялары - Күн нурун электр энергиясына өзгөртөт.
  • Шамал энергиясы  -, шамалдын күчүн-энергияга айландыруучу шамал орнотмолору. 

  • Биомасса – Биогаз орнотмосу - органикалык калдыктардын (кыктын, жашоосуз организмдердин,өсүмдүктөрдүн) абасыз чөйрөдө микроорганизмдердин аракетинин натыйжасында ачып-кычуусунан пайда болгон курамында метан коп болгон күйүүчү газ, жана ал жылуулук жана электр энергиясын өндүрүп алууга колдонууга болот.

  • Чакан ГЭС – суу энергетикасы боюнча орнотмо. Чоң эмес суулардын агымынан электр энергия өндүрүү үчүн колдонулат. Чакан ГЭСтин диапазону 3 - 100 кВт.

  • Геотермалдык энергия -бул жердин ички катмарындагы энергияны (ысык буудан энергияны иштетип чыгуучу) электр энергиясына айландыруучу энергиянын түрү.

  • Толкун энергиясы - толкундардын потенциалдык энергиясынан өзгөртүү ыкмасы менен электр энергиясын алуу.

  • Деңиз суусунун мезгил-мезгили менен көтөрүлүшүндөгү күчтөн электр энергиясын өндүрүп алуу.    

Түгөнгүс булактардан алынган энергия, курулуп жана иштеп жаткан объектилердин энергетикалык көз карандылыгын чечип, алыскы райондордогу туруксуз электр энергияга болгон маселелерди жөнгө салып, экологиялык таза объектилер менен курулуш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 Жеке менчик үйдүн ээси электр энергиясы менен камсыз болууда толук өз алдынчалыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн күн панелдери, күн коллекторлорун же жылуулук насосун колдонуу менен жекече электро энергия өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошол эле учурда жылуулук насосу менен күн батареясын бир эле учурда колдонууга дагы шарттар түзүлөт. Бул учурда күн батареясы жылуулук насостун муктаждыктары үчүн колдонулат, ал эми жылуулук насосу өзү колдоно турган электр энергиясына караганда бир канча эсе көп энергия өндүрөт. 

Жабдуунун өзгөчөлүктөрүн, кубаттуулук айырмачылыктарын, бюджетке карап максималдуу туура вариант тандап алууга болот.

Жекече энергетикага болгон салымдын өлчөмү чоң жана өзүн-өзү актоо мөөнөтү узак. Бирок мындай салымдын пайдалуулугун азыркы атаандаш энергиянын булактарынын техникалык ишенимдүүлгү (иштөө мөөнөтү 15-25 жылга барабар) жана ошондой эле дүйнөлүк энергияга болгон баанын өсүү тенденциясы менен түшүндүрүүгө болот.