Быйыл электр кубатына болгон тарифтер жогорулабайт

Бул тууралуу сунушту Отун-энергетикалык комлпексти жөнгө салуу агенттиги билдирди. Аталган мекеменин жетекчилиги буга өлкөдөгү экономикалык кырдаал себеп болгонун айтууда. Буга чейин Президент Атамбаев дагы, тариф саясатын агенттиктин жетекчилиги менен талкуулап жатып, энергиянын баасынын көтөрүлүшүнө каршы экенин айткан эле. Анткени менен, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги кийинки жылы электр кубатына болгон баа көтөрүлбөсө – энергетикалык компаниялар банкрот болуу коркунучуна туш болоорун айтып эскертүүдө. Бирок бул пикир менен депутаттар макул эмес.