ЭГЕРДЕ ЭЛЕКТРОПРИБОРУ КОКУСТАН “КҮЙҮП” КЕТСЕ

Категориясы: 
Авария
Дарек: 
Бишкек
Жылы: 
2012
Абалы: 
Завершен

Руслан, Түп районунун Михайловка айылынын жашоочусу жана Михайловка-Маяк жолунун жээгинде короодо (кошарда) жашайт. Руслан Каракол шаарындагы ЭКУК КБна сапатсыз электр энергиясын берүүгө байланыштуу тарткан зыяны жана үйүн электр тармагына кошуу боюнча жардам берүү суранычы менен кайрылган. Абоненттин билдирүүсү боюнча 2012 жылдын 28 августунда анын үйүнүн жанындагы жогорку чыңалуу линиясы аварияга дуушар болду. Жогорку чыңалуудагы зым электр энергиясын бөлүштүрүүчү 220 Вольт тармагына кулап түшкөн жана анын жыйынтыгында үйдөгү электр зымдары, телевизор, тамак жасоого пайдалнуучу электр плитасы күйүп кеткен. Бактыга жараша үйдө жашагандардан эч ким зыян тарткан эмес. Руслан ошол эле замат РЭТке билдирген жана алардын жообу төмөнкүдөй болгон: «Тармактагы авария - бул алардын күнөөсү эмес жана эгерде ал (Руслан) 70 м узундуктагы электр зымын, розеткаларды алып, жана жумушу үчүн 1600 сом төлөп берсе алар (РЭТ тин кызматкерлери) электр энергиясына улап, бузулган жерлерди оңдоп бере алат».

Коомдук борбор тарабынан укуктук кенеш берилди жана электр тармагындагы аварияга байланыштуу электр жабдуулары иштен чыккан учурдагы Керектөөчүнүн жана электр энергиясы менен Камсыздоочунун аракеттери түшүндүрүлдү. ЭКУК КБ кызматкерлери Русланга тиешелүү инстанцияларга кайрылуу даярдоодо жардам беришти. Арыздын көчүрмөсүн "Чыгыш электр" ААК СТБ да жөнөтүштү.

2012-жылдын 24-сентябрында Руслан Каракол ш. ЭКУК КБ нун дарегине кайрадан кайрылды, анткени РЭТ анын кайрылуусуна жооп берген эмес, ал эми кошар электр энергиясына кошулган эмес жана энергокомпания зыяндын ордун толтурууну каалаган жок.

Каракол ш. ЭКУК КБ менен "Чыгыш электр" ААК СТБнун ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин 25-сентябрда эртең менен бул проблеманы ордунан чечүү үчүн кайрылуучу жашаган кошарга участоктун мастери жана РЭТтин юристин катышуусу менен кароого чогууу чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Талкуунун аягында электр энергиясына кошуу жана чыгымдардын ордун абонентке кайтаруу тууралуу маселени РЭТ тарабынан чечүү, аткаруу мөөнөтү 2012-жылдын 1- октябрына чейин деп белгиленди.

Жыйынтык: Көчмө комиссия, жогоруда саналып өткөн адамдардын катышуусу жана алардын тастыктоосу менен чечим кабыл алды:

  1. Түптүн РЭТине 2012-жылдын 01 октябрына чейин электр зымдарын ошондой эле үйүндө күйүп кеткен точкаларды РЭТтин эсебинен калыбына келтирсин. Абоненттин тиричилик техникасын оңдоо үчүн кетирген чыгымдарынын суммасы акчалай же пайдаланган электр энергиясынын эсебинен өз ара эсептешүүлөр түрүндө өндүрүлсүн.
  2. Абонентке бузулган трирчилик техникасын оңдоого алып барып, оңдоо үчүн төлөнгөн сумманы кайтаруу үчүн РЭТке көрсөтсүн.

 

Фото: Юнисон КФ.

Нурметова Диляра,

Каракол ш. ЭКУК КБ