Электр энергиясынын чыңалуусу

Электр энергия чыңалуусу- энергия менен камсыз кылуу жана электр сапатынын негизги көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз ага байланыштуу электрдик аспаптардын өндүрүмдүүлүгүнө таасир этет.

 Бул бөлүмдө электр энергиясы менен камсыз кылып турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдык ченемдик базасы: механизмдерди жана тараптардын жоопкерчиликтери көрсөтүлгөн. Андан тышкары электр энергиянын сапаты жөнүндө маалымат жана электр энергиясынын сапатын жогорулатууга үчүн кеңештер көрсөтүлгөн.

Электр энергия секунда сайын өзгөрүп турган касиетти бар, иш жүзүндө катардагы керектөөчүлөр үчүн электр энергия сапатынын деңгээлин далилдөө абдан кыйынчылыкка турат. Ошондуктан Юнисон Групп атайын аспаптарды колдонуу менен жер-жерлерде электр энергия чыңалуусу өлчөп, өлчөө чекиттери боюнча анализдердин жыйынтыгы базасын түзүп электр энергиясынын сапатын өлчөөнүн жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Ал үчүн 2014 жылдан тартып Юнисон Групп жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борбору менен биргеликте Бишкек шаарындагы мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берген электр энергия менен камсыз кылуудагы көрсөткүчтөрүн өлчөөдө. 2014-жылдын май айынан тартып, ушундай иш- чара Нарын облусунда жана Чүй областы, Кант шаарында иштеп баштаган. Бир өлчөө узактыгы 7 жумуш жана дем алыш күн жүргүзүлөт. Электр энергия сапаты өлчөө каттоочу РЕ-01 аспабы менен жүргүзүлөт. Өлчөө каттоочу РЕ-01 аспабы атайын ыйгарым укуктуу органдардын текшерүү, күбөлүк берүүнү жана каттоодон өткөн.

Иш-чаранын негизги максаты - электр энергия берүүчү жана керектөөчүлөрдүн ортосундагы натыйжалуу, далилдүү диалогдук аянтчасын күчөтүү.