Электр энергиясынын сапаты деген?

Электр энергиясынын сапаты (ЭС) -  электр энергиясынын параметрлеринин электр системасынын түйүнүнүн ушул чектиндеги туура келүү даражасынын  жыйындысынын КС нормалык көрсөткүчтөрү.

Башка сөздөр менен айтканда электр кабыл алуучуларынын нормалдуу иштөөгө жана түптөлгөн алардын функцияларын аткарууга мүмкүн болгон мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы электр энергиясынын сапатын билдирет.

Өндүргөн жердеги  ЭС анын керектөөчү жердеги сапатына кепилдик бере албайт. КЭ чейин жана киргизилгенден кийин Электр кабыл алуучунун электр тармагынын түйүнүнө  кошулганга чейинки жана кийинки ЭС айрымаланышы мүмкүн. 

 

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН САПАТЫНЫН НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

13109-97 ГОСТту боюнча электр энергиясынын сапаты 11 көрсөткүчтөн турат:

  • калыптанган чыңалуунун четтөөсү
  • чыңалуунун өзгөрүүсүнүн арышы
  • фликердин дозасы
  • чыңалуунун синусоидалдык бурулуу коэффициенти
  • чыңалуунун n-гармоникалык түзүүчүчсүнүн коэффициенти
  • кайтарым ырааттуулугу боюнча чыңалуунун симметриялык эмес коэффициенти
  • нөлдүк ырааттуулугу боюнча чыңалуунун симметриясынын коэффициенти
  • жыштыгынын четтөөсү
  • чыңалуунун түшүп кетүү узундугу
  • импульстук чыңалуу
  • ашык чыңалуунун убактылуу коэффициенти

 

Чыңалуунун четтөөсү

Электр энергиясынын сапатынын бирден бир көрсөткүчү бул чыңалуунун четөөсү болуп саналат.

Чыңалуунун четтөөсү чыңалуунун туруктуу четөө мааниси менен аныкталат. Чыңалуунун четөөсүнүн мааниси үчүн төмөнкү нормалар белгиленген:

Электр энергиясын кабылдагычтардагы чыңалуунун туруктуу четөө мааниси нормалдуу жол берилген жана жол берилүүчү чектелген маанилери  +5 жана +10% ар бири үчүчн номиналдуу электр тармактарынын чыңалуусуна барабар. Чыңалуунун четөө мааниси процесстин узактыгы бир мүнөттөн ашык болгон учурунда аныкталат.

 

Чыңалуунун нормалдуу жол берилген четтөөсү. Чыңалуунун нормалдуу жол берилген четтөө диапазону 5 % болуп эсептелет, башкача айтканда: +/-5 % (209 В дон 231 В чейин).
 

Чыңалуунун мүмкүн болгон четтөө чеги. Чыңалуунун чектик жол берилген четтөө диапазону 10 % болуп эсептелет, башкача айтканда: +/-10 % (198 В дон 242 В ко чейин).
 

Жогоруда аныкталган электр энергиясынын сапатынын көрсөткүчтөрү  үчүн төмөнкүдөй ченемдер колдонулат: электр энергиясын берүү чекитиндеги чыңалуунун оң жана терс четтөөсү номиналдан 10 % же макулдашылган чыңалуунун мааниси бир жума ичинде 100 % убакыт интервалынан ашпоого тийиш

 

Маанилүү:  Электр энергиясынын тармагынын сапатына болгон  ГОСТтун ("Электр энергиясы. Электро магниттик техникалык каражаттардын дал келүүсү” ГОСТ Р 54149-2010 ) талаптарын жана электр приборлору   үчүн электр энериясын берүү сапатын  (мис. ГОСТ Р 52161.2.17-2009 "тиричилик жана ушул сыяктуу электр приборлорунун коопсуздугун ") көрсөтүүчү ГОСТтор менен алмаштырбоо керек. ГОСТ электр энергиясынын сапатына болгон талаптарды жеткирүүчүгө коет, ошондуктан  электр энергиясыын начар жеткирилүүсү боюнча талапты бөлүштүрүүчүгө коюш керек. Ошондой электр берүү сапатына болгон талаптар приборлордун паспортторунда жана ал талаптар боюнча прибордун кеңири диапазондо нормалдуу иштөө үчүн токтун параметрлеринин маанилери аныкталган. Приборлор үчүн, эреже катары чыңалуусу номиналдан -15 % га чейин +10% диапазонунда  каралат. 

 

 

Электр энергиясынын касеттери, көрсөткүчтөрү жана ЭС мумкүн болуучу начарлоосунун себептери

 

Электр энергиясынын касиеттери

ЭС көрсөткүчү

ЭС мумкүн болуучу начарлоосунун себептери

Чыңалуунун четөөсү  

Чыңалуунун туруктуу четөөсү dUy

Энергия менен камсыздоочу мекеме

Чыңалуунун термелүүсү  

Чыңалуунун өзгөрүүсүнүн арышы dUt

Фликердин дозасы Pt

Өзгөрүүчү каршылыгы       бар керектөөчү

Чыңалуунун синусоидадан четөөсү  

Чыңалуунун Коэффициент искажения синусоидальности кривой напряжения КU

Чыңалуунун n-гармоникалык түзүүчүсүнүн коэффициенти КU(n)

Түз сызыктуу эмес каршылыгы бар керектөөчү

3 фазалуу чыналуу  системасынын синусоидадан четтөөсү

Чыңалуунун тескери ыраатуулуктагы симметриядан алыстоо коэффициенти K2U

Чыңалуунун нөлдүк ырааттуулуктагы симметриядан алыстоо коэффициенти K0U

Симметриялык эмес каршылыгы бар керектөөчү

Жыштыктын четөөсү

Жыштыктын четөөсү Df

Энергия менен   камсыздоочу мекеме

Чыңалуунун төмөндөшү 

Чыңалуунун төмөндөшүнүн узактыгы Dtп

Энергия менен   камсыздоочу мекеме

Чыңалуунун импульсу 

Импульстук чыңалуу Uимп

Энергия менен   камсыздоочу мекеме

Убактылуу чыңалуунун жогорулоосу  

Убактылуу чыңалуунун жогрулоосунун коэффициенти KперU

Энергия менен   камсыздоочу мекеме