Электр энергиясынын сапатын кантип жогорулатууга болот?

Электр энергия сапатынын начарлоо себептерин алдын алуу үчүн: 

  • Сертификаты жок өз алдынча жасалган (плиткалар, аристондор, казандар ж.б.) аспаптарды колдонбоңуз! Бул коркунучтуу!
  • Иштеп жаткан аспаптарды кароосуз калтырбаңыз!
  • Чоң кубатты талап кылган аспаптарды бир убакта иштетпеңиз!

Маанилүү: Төмөнкү чыңалууда аны эске алуу зарыл: 90 В чыңалууда чайнекти жана жылыткычты бир мезгилде иштетүү сактагыч (предохранитель) менен «жучокту» иштен чыгарышы мүмкүн.

  • Үч фазалуу электр жабдуусунда күчтү бүтүндөй үйгө тегиз бөлүштүргөн жакшы.
  • Үч фаза (4 чубалма) – чыңалуунун балансын сактоо үчүн электр энергиясын берүүнүн техникалык табигый системасы. Кээде атайын приборлор – электр казан, электр плита үчүн зарыл болуп саналат. 
Электр энергиясынын сапаты Кыргызстандагы электр энергияга болгон стандартынан айырмаланса электр энергия менен камсыз кылган уюмга кайрылуусу зарыл.

Эгерде административдик иш-аракеттери электр энергиянын сапатын оңдогонго тыянак бербесе анда атайын электр энергиясын коргоо боюнча каражаттарды колдонуу зарыл

  • Тынымсыз энергия берүү булагы
  • Чыңалууну турукташтыргычтар
  • Чыңалуунун секирип кетүүсүнөн коргоо үчүн реле-өчүргүчтөр
  • Электр энергия өндүрүү үчүн системасы 

 

 

Чыңалууну турукташтыргычтар

Такай сапаттуу электр энергиясын берип, чыңалуу секирип кетишинен электр энергиясын, электр энергиясын чыңалуусун бир калпта сактайт.

 

Артыкчылыгы:

·         Такай сапаттуу электр энергиясын берет,

  • чыңалуу секирип кеткенде, электр энергиясын, өчүрбөйт,
  • оңдоонун кереги жок болот, жаңы жабдууларды сатып албайсыз.

 

Буларды билүү маанилүү: Кыргызстан үчүн тармакта 90 В иштеген төмөнкү чыңалуу турукташтыргычтарын пайдалануу заманбап маселе.

Баасы: 9000 – 45 000 сом (кубаттуулугуна жараша) 

кадимки үй үчүн – 9 же 14 кВт = 10-16 миң сом 

 

Тынымсыз энергия берүү жабдуулары (англ.UPS)

Электр менен камсыздоо электр энергиянын бат бат үзгүлтүккө учурашы компьютерге же ушул сыяктуу тиричилик буюмдары үчүн абдан кооптуу болуп саналат. Мындан тышкары, электр энергия үлбүлдөп күйгөн учурунда электроника иштен чыгып калышы ыктымал. Мындай кыйынчылыктарды алдын алуу үчүн тынымсыз энергия берүү жабдуусун орнотуу зарыл. Тынымсыз энергия берүү жабдуусу компьютер, жылуулук генератор ж.б. үчүн идеалдуу болуп саналат.

Артыкчылыгы:

•      электр энергиясын күтүүсүз өчүргөн учурда ишти бүтүп алууга болот,

•      жабдуулардын бузулушун болтурбайт жана системанын иштешин токтотпойт.

Баасы: 3200 – 5000 сом

(энергияны өчүргөндөн кийин иштөө кубатынан жана иштөө узактыгынан көз каранды болот – 5-20 мүнөт) 

Чыңалуу релеси

Чыңалуу релеси розеткага сайылат жана аспаптар реле аркылуу ар кандай күчтөгү аспаптар кошулат. Электр энергиянын чыңалуусу өзгөргөн учурунда аспапдарды өчүрүп, чыңалуу кайрадан туруктуу болгон мезгилинде аспаптарды электр энергиясына кошот.

·         Кемчилдиги – энергиянын берилүү сапаты такай төмөн болгондо, аспап иштебей калат.

·         Артыкчылыгы- Реле аркылуу өтө сезимтал аспаптарды кошууга мүнкүнчүлүгү бар. 

 

 

 

Инвентор аккумулятор батарейкасы менен
 

Инвертор-бул туруктуу электр энергиясын өзгөрмө агынга айландыруу. Аккумулятор батарейкасында керектүү энергиянын өлчөмүн топтойт жана сактайт.

Артыкчылыгы:

•        автономдуулук

•         узакка иштейт

•         приборлор автоматтык түрдө тармактан инвенторго же тескерисинче алмашып кошулуп жана батареялар заряддалып турат

Баасы:  болжолдуу 40  000 сом

Аккумулятор – бирөө 4төн 10 миң сомго чейин (тибинен, ампер-саатынын көлөмүнөн жана 12/24 Вольт чыңалуудан көз каранды болот)

Инвертор – 13-20 миң сом

 

Дизелдик генератор

Артыкчылыгы:

·         - айлана-чөйрөнүн шартынан көз каранды эмес

·          - которуп алып жүрүүгө болот жана тез иштеп баштайт

·         -көптөгөн электр аспаптарын кошуу мүнкүнчүлүгү

Кемчиликтери:

·            - катуу шум, жыт жана зыяндуу нерселерди чыгарат

·            - майды көп чыгымдайт

·            - туура эмес иштеткенде көпкө иштебейт

 

Тынымсыз иштөөсү 7-9 сааттан ашпайт.

Баасы – 28ден 40 миң сомго чейин (кубаттуулугунан көз каранды)

Орточо – сезондогу чыгымы 48 миң сом (1 л/саат), баштапкы чыгымдары – 34 миң сом

Дизелдик генераторду сатып алардан мурун аппараттын баардык жакшы, жаман жактарын же башка вариантарын салыштыруу зарыл, эгерде мүмкүн болсо, электр өндүргөнгө экологиялык жактан таза аппарат тандап алышыбыз керек.

Фотоэлектрические преобразователи и энергия Солнца

Күн панелдери фотогальваника эффектинин негизинде Күндүн нурун электр энергиясына өзгөртөт

 Артыкчылыгы:

·         - алынуучу электр энергиясынын чыгымдарын оптималдаштыруу,

·         - такай техникалык тейлөөнү талап кылбайт,

·         - кыймылдуу бөлүктөрү жок.

Кемчиликтери:

·            - баштапкы чыгымдары кымбатка турат

Баасы: 300 сом/Ватт аныкталган кубаттуулук

Жарык берүү жана муздаткыч үчүн 300 – 500 Ватт жетиштүү. 

 

Электр энергиясы жок алыскы аймактар үчүн пайдалуу.

Азыркы тариф менен жана электр энергиясы берилип турганда, абдан узакта өзүн актайт. Туура эсептөө жана күн станциясын топтоо (комплектация) талап кылынат.