Электр компаниясы абонентин карызын жокко чыгарды

Категориясы: 
Счетчик
Дарек: 
Иссык-Куль
Жылы: 
2014
Абалы: 
Завершен

2010 жылдын декабрь айында контролёр эки белгисиз адамдар менен үй ээсин электр энергия уурдап жатат деп 17904 сом штраф жазып үйдүн электр энергиясын кыркып салган. Керектөөчүлөр укугун коргоо борборуна кайрылууда туум 20 470 сомду түзгөн. Баардыгы биригип 38 824 сомду түзгөн. Маселени терең изилдөөдө (жашаган жерине барып турак жай шарттарын изилдөө- оорукчан, жакыр, жумушсуз) мындай сумманы төлөөгө шарты жок экендиги такталды.  

Жыйынтыгы: ААК “Чыгыш электр”төрагасы арыз жазган Нурбек бирге жолугушууда, материалдык алсыздыгы жана ден соолугу себептеринен Нурбеке штраф суммасын гана 17904с айларга бөлүп төлөө сунушталган, 20470 туумун жокко чыгаруу чечими кабыл алынган. 17 204 сомдун айларга бөлүп төлөө графигин түзүү үчүн жана кайра свети кошуу үчүн Нурбеке Ак-Суу ЭКБ начальнигине кайрылуусуна сунуш кылынган.   Макулдашуу ОАО "Чыгышэлектр" жана Каракол шаарындагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун ортосунда түзүлгөн бирге иштешүү меморандумунун аркасы менен ишке ашты.

Билип алуу маанилүү: Электр энергия керектөөчү керектелген электр энергия кызматына төлөмдүү кечиктирген учурда(кокустук себептерден сырткары) абонент туумду төлөөгө макул болот, бир күндүк туум карыз болгон акчадан 0,5 пайыз жогору эмес жана негизги карыздан 100 пайыз жогору эмес.

Кыргыз Республикасынын “Энергетика” мыйзамы 15-1 берене.

  Дайджест 1

http://energy.unison.kg/ru/content/energokompaniya-otmenila-dolg-abonentu