Энергия керектөөчүлөрдүн укуктарынын маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренингдер

Юнисон Групп түзгөн Коомдук электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборлору (ЭКУКБ) республиканын баардык региондорунда укук коргоо тарабында талаш-тартыш маселелерин чечүү жанан жөнгө салуу иштерин жүргүзүп келет.

ЭКУКБ адистери дайыма коомдук иш-чараларга катышып электр энергия берүүчүлөр жана электр энергия керектөөчүлөрдүн ортосундагы маселелерди жакшы билишет. Калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу абдан маанилүү экендигин эске алып, калк  менен көптөгөн тренингдер өткөрүлүүдө. Көптөгөн малымдоо жолугушуулары аркылуу кардарлар өзүнүн укугун гана эмес, ошондой эле кардарлар жоопкерчилигин дагы үйрөнүшүп элект энериясына болгон мамилесин үнөмдүү пайдаланууга үйрөнүшөт.

Юнисон Групп машыктыруучуларынын алган тажрыйбасы жана билими жогорку деңгээлдеги окутуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, кайра байланыш каналдары дагы бар.