Энергия ресурстарынын тарифтери

2015 жылдын 1 августунан калк тобу үчүн социалдык-багытталган тариф 77 тыйынга ОЧТСнын (орточо чукул тариф саясаты) болжолдонгон 84 тыйындын ордуна өстү. Ал эми бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн кепилденген электр энергиясынын көлөмү бул тариф боюнча 1 октябрдан 1 майга чейинки аралыкта 1000 кВт/с көтөрүлөт.

Калк үчүн орточосалмактуу тарифтин өлчөмү алдын ала пландалган 220 тыйындын ордуна 216 тыйын деп белгиленди. Ошентип, баардык калк үчүн жеңилдик 700 кВт/с ал эми бул белгиленген райондор жана зоналарда айтылган мезгил үчүн 1000 кВт/с-ты түзөт. 1 августтан баштап орточо салмактагы тариф “өнөр жай”, “айыл чарба”, “бюджеттик керектөөчүлөр” жана “башка керектөөчүлөр” үчүн болжолдонгон 230 тыйындын ордуна 224 тыйын деп белгиленди.