Энергияны үмөдөөнү колдоо программалары

Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасы - KyrSEFF:

 

  • Энергияны үнөмдөө үчүн насыялар;
  • 10 дон 35 % чейин гранттар;
  • Бекер техникалык колдоо;

 

 

Республиканын калкынын энергияны үнөмдөөчү иш-чараларына колдоо көрсөтүүнү ишке ашырууга багытталган. KyrSEFFтин насыяларынын аркасында жарандар өзүнүн үйүнө сапаттуу энергия үнөмдөөчү терезелерди, жогорку натыйжалуу жылытуучу мешти, күн коллекторлорун, жылытуучу насос орнотот жана үйүн жылуулай алат ошондой эле ишканаларда жабдууларды алмаштыра алат ж. б. KyrSEFF ошондой эле айыл чарбасын да күнөсканаларды модернизациялоону каржылоо аркылуу колдойт. Аталган иш-чараларды аяктоо менен каржы алуучу программадан сарпталган каражаттардын 10дон 35 % чейинки инвестициялык грант алат.

Мындан, Финансылык колдоодон башка KyrSEFF программасынын кардарлары эл аралык жана жергиликтүү инженерлердин энергия үнөмдөө маселелери боюнча акысыз консультациясын алышат.

Заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды колдонуу KyrSEFF тин кардарларынын үйүнүн сырткы гана келбетин жакшыртууга эмес, өзүнүн үйүндө жагымдуу жашоо шарттарын түзүү жана турак жайын кыш мезгилинде жана сезондордун ортосунда ысытууга кетирген каражатын олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Жеке менчик ишканалардын ээлери эски жабдууну жаңысына которуу аркылуу компаниялардын өндүрүмдүүлүгүн жана кирешелерин жогорулатууда.

KyrSEFF программасы Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын (ЕРӨБ) программасы болуп саналат жана гранттык каражаттары Борбордук Азия үчүн Инвестициялык программасынын (Европалык Союз) каражаттарынын эсебинен берилет. Ушул сыяктуу программалар (SEFF) дүйнөнүн 20 өлкөсүндө ишке ашып жатат. Кыргызстанда SEFF программасы 2013-жылдын апрель айынын баштап ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Кененирээк KyrSEFF программасы жөнүндө анын сайтынан карагыла:  www.kyrseff.kg