ЭСЕПТЕГИЧТИ АЛМАШТЫРУУ ЖӨНҮНДӨ АБОНЕНТ ОЙЛОНБОШ КЕРЕК

Категориясы: 
Счетчик
Дарек: 
Джалал-Абад
Жылы: 
2012
Абалы: 
Завершен

Жалал-Абад шаарынын 1932 жылы төрөлгөн 2-группадагы майып, пенсионер- Мария Матвеевнанын батириндеги эсептегичтин пломбасы деформацияга дуушар болгон. Өзү турууга алы жок керебетте жаткандыктан, тааныштары жана туугандары көргөнү келет деп аны карап, даарылап жүргөн санитарка эшикти ачык калтырып кеткен. Күндөрдүн биринде Жалал-Абад РЭСинин контролерлору абонентти эсептегичтин «пломбасы деформага дуушар болуптур» жана бул мыйзамсыз деген шылтоо менен 350 сом төлөөсүн талап кылышкан. Электр энергиясынын өчүрөбүз деп коркутуп азыр эле алардын колуна төлөп берүүсүн талап кылып коркутушкан. Ал эми ооруулуу Чоң Эне өз кезегинде жалгыз эрмеги теллевизорду кароо болгондуктан алардын өчүрбөөсүн, пенсия алары менен төлөөрүн билдирип суранган. Сүйлөшүүдөн кийин контролерлор пломбаны алмаштырууга төлөө барагын калтырып кетишкен. Абонент, тагыраак айтканда анын ишенимдүү өкүлү Ольга кассага 350 сомду төлөгөн. 3 ай ичинде пломбаны алмаштыруу үчүн эч ким келген эмес, бирок электр энергиясын өчүрүү боюнча акт, андан ары кошумча туум (кийин белгилүү болгондой 350 сомду айып пул катары эсепке киргизген жана анын натыйжасында туум пайда болгон) пайда болгон. Ольга, Мариянын ишенимдүү өкүлү катары төрт ай бою: төлөнгөндөн кийин качан пломбаны алмаштырат жана эмне үчүн айып пул жазылды? - деген суроого жооп издейт. Өзүнүн суроолоруна ал жооп тапкан жок. Эч ким деформаланган пломбаны алмаштырган жок, айласы кеткенде ал Жалал-Абад шаарындагы ЭКУК КБ кайрылды.
ЭКУК КБ “Жалал-Абадэлектро” ААК жана мэрияга токтоосуз кат менен кайрылууга жардам берди. Тилекке каршы, жооп каты абалды түшүндүргөн жок, айласыздан сотко кайрылууга мажбур болду. Соттун отуруму алты жолу жооп берүүчү тараптын жоктугунан, ал эми керектөөчүнүн пайдасына чечим чыгаруу үчүн эки жолу жылдырылды.
 
ЭКУК КБ түшүндүрмөсү: эсептөө механизмине болгон кийлигишүү аркылуу уурдоо эспертиза аркылуу гана далилденет. Көз карандысыз мамлекеттик экспертизага кайрылыңыз.
ЖЫЙЫНТЫК : 2012 жылдын 13 январында 635 сомга байланыштуу сотко баруу токтоду. Соттун чечими менен карыз алдын ала төлөө катары эсептелип, пломба алмаштырылды.
Линдоренко Л.П.
Джалал-Абад ш. ЭКУК КБ
Фото: Юнисон КФ