Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо

Ар бир адамдын кундөгү турмушу үчүн укуктук билим чоң мааниге ээ. Бирок бул маалымат дайыма эле табыла бербейт жана көпчүлүк учурда электр энергиясы менен камсыз кылуучу менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамиленин талашынын себеби болуп келет. Биздин сайт ушул боштукту толтурууга багытталган. Жарандардын арасында маалымат-сабаттулук ишин жүргүзүү ЮНИСОН Тобунун  программалык иш-аракетинин бирден бир негизги түзүүчүсү болуп саналат. 

 

Ар бири күндө жарандар учуратуучу тоскоолдуктарды чагылдыруучу жүздөгөн бүткөн иштер, бул Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборлорунун турмуштан топтогон өтө чоң тажрыйбасы.   Алар менен Силер атайын түзүлгөн (2012 жылдан 2016 жылга чейинки)  Биздин ийгиликтүү иштердин жыйындысынан таанышып, аларды окуу аркылуу энергия менен камсыздоочу мекеме менен мамиле курууда пайда болгон татаал абалдарды мыйзам талаасында чечүү жолдорун ачык түшүнө аласыңар.

 

Ошондой эле көрсөтүлгөн ченемдик-укутук актылардын тизмеси аркылуу электр энергиясынын керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо жана кызыкчылыгын илгерилетүү мүмкүнчүлүгүн биле аласыз. Тариф саясатынын өзгөрүүсүнө   байланыштуу элдердин арасында көптөгөн суроолор пайда болот. Эң жаңы жаңылыктарды жарыялоо жолу менен биз Сиздерди баанын түзүлүшүнө байланыштуу  жөнөкөй электр энергиясын пайдалануучулардын. кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүгүн түзүүчү маалыматтар менен учурунда тааныштырабыз.

 

Юнисон топторунун маалымат жана таанып-билүү сайты энергетиктер менен мамиле куруу үчүн юридикалык такшалууга шарт түзүүчү электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча кеңири багыттарда маалымат берет. Сиз алган билимиңизди биздин сайтта тесттик текшерүү үчүн Юнисондун эксперттери түзгөн суроолоруна жооп берүү аркылуу текшерсеңиз болот. Ал үчүн тестирлөө бөлүмүнө  кириңиз жана өзүңүздүн маалымдуулук деңгээлиңизди  аныктаңыз..

 

Юнисон басылма материалдарын жайылтуу аркылуу калкты маалымдоону улантууда, аларды Сиз "Жарыяланган материалдар"  бөлүмүнөн орус жана кыргыз тилдеринде көчүрүп алсаңыз болот.