Ченемдик база

Мамлекет, көмүрдү жеткирүүчү жана керектөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу  Кыргыз Республикасынын 1999 жылдын 3 февралында № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамынын негизги көчүрмөлөрү.

 

Көмүрдүн сапатын мамлекеттик жөнгө салуу

Көмүрдү казып алууда, сактоодо, ташууда жана пайдаланууда көмүрдүн сапатынын ченемдерин, адамдардын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугунун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу максатында көмүргө жана аны кайра иштетүүнүн продукттарына белгиленген тартипте тиешелүү стандарттар же техникалык шарттар иштелип чыгылат, ошондой эле колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны милдеттүү сертификациялоо жүзөгө ашырылат.

Көмүрдүн жана аны кайра иштетүүнүн продукттарынын колдонуудагы стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келүүсү жөнүндө талаш маселелер сотто чечилет.

Кыргыз Республикасынын 1999 ж. 3 февраль № 18"Көмүр жөнүндө" 20 берене

Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызмат укуктары жана милдеттери

Көмүр жана (же) анын продуктыларын казып алуу, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө иштеген бардык юридикалык жана жеке жактар  камсыз кылууга милдетүү:

керектөөчүлөрдү сапаттуу көмүр жана (же) аны кайра иштетүүнүн продукттары менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алууну, сапаттын жана коопсуздуктун талаптарын жөнгө салуучу ченемдик документтердин болушун;

 

Кыргыз Республикасынын 1999 ж. 3 февраль № 18"Көмүр жөнүндө" 12 берене п.1, пп.1