Көп батирлүү үйлөр үчүн

Көп батирлүү үйлөр үчүн

Энергияны натыйжалуу үнөмдөгөнгө көп батирлүү үйлөрдө дагы мүмкүндүк бар. Аны үчүн эксперттердин кеңешин билүү зарыл.

Балконду же лоджияны өз колу менен жылууло

Лоджия же балкон батирдин киши жашаган аянтын кеңей-түү мүмкүнчүлүгүн берген аймак болуп саналышат. Бул үчүн аларды айнектөө зарыл экендиги айкын. Жылуулоо иштерин адистердин бригадасына тапшырса деле болот, бирок, бул ишти өз колу менен деле жа-сап алса болот. Балконду же лоджияны жылуулоонун бир нече жылуулоочуларды сатып алса болот. Ушул жылуулагычтардын бардыгы-нын бир гана, бирок, олуттуу кемчилиги бар. Жылуулоо-чу плиталарга суу тийгенде алар нымдашат да, көгөрүп кетүү коркунучу пайда болот. Жылуулагыч материалдар өтө нымдашып кеткенде жылуулук сактоочу касиетин жоготушат. Ошондуктан, бул материалдарды колдонгон до гидроизоляцияны пайдалануу туурасында да унутпоо керек. Жогоруда сөз кылынган жылуулагыч материалдар дын бардыгы синтетикалык материалдар болуп саналат жана аларды баары эле колдонууну каалай беришпейт. Ошондуктан, лоджияны же балконду   табигый матери-алдар менен да жылуулоого болот, мисалы: пакля (рулон түрүндөгүсү жакшыраак болот) жыгач таарындылар, эки тарабына тең фанера кагылган атайын каркас-устундар менен, ошол эле учурда гидроизоляциялык материал туу-ралуу да эстен чыгарбоо керек.

Жылуулоонун ырааттуулугу

Жогоруда сөз кылынган синтетикалык материалдарды пайдаланууда лоджияларды жылуулоо төмөнкүдөй ыра-аттуулукта аткарылат:

  1. Жалпы периметри, шып жана пол боюнча жыгач кар кас орнотулат. Ал каркас орточо көлөмдөгү жыгач устундан жасалат жана тикесинен да, туурасынан да деңгээлге ылайыкталып жайгаштырылат. Каркас бе-тон плитага саморездердин жана дюбелдердин жарда-мы менен бекитилет.
  2. Каркаска саморездердин жардамы менен гипсокартон бекитилет.
  3. Андан соң гидроизоляциялык же бууизоляциялык материал бекитилет.
  4. Андан кийин тандалган жылуулоочу материал бекитилет.
  5. Балконду жылуу лоонун кийин-ки этабы болуп жылуулоонун ар бир катмарында-гы тигиштерди монтаждык көбүк менен иштетип чыгуу эсептелет. Муну менен «термос эффекти» жаралып, анын аркасы менен балкондо жылуулук сактоого жетишсе болот.
  6. Жылуулагычка жасалгалоочу материалдарды орнотуу үчүн жыгач каркас бекитилет.

Лоджиянын полун жылуулоо

Балкондун полун жылуулоо – абдан татаал кадам болуп са-налат. Адегенде пол жөн гана жыгачтан жасалабы же аны монтаждоо атайын жылууланган “электрполунун” жарда-мы менен жасалабы – ушуну чечип алуу керек. Биринчи учурда жылуулоонун ырааттуулугу жогору-да сөз кылынгандай болуп аткарылат. Лоджияны же балконду өз күчү менен жы-луулоо аркылуу сиз жылуулукту сактай ала тургандыгыңызды унутпаңыз, бирок, ошол эле учурда жалпы батирден көз карандысыз жылуулоо жабдуусун да орнотуу зарыл, анткени борбордук жылытуу түтүктөрүн лоджияга алып чыгууга сизге эч ким уруксат бербейт.

 

Көп кабаттуу имараттардын чатырын капиталдык ремонт:

Биринчи кадам: Демонтаж

  • Эски чатырдын үстүндөгү рубероид, толь, кара чайыр, айнекизоль ж.б. алуу зарыл.
  • Цинктелген: ыкташуу, тамчылаткыч, тосмо, жел соргучтар, жаандын дренаждык системаларын  алуу зарыл.
  • Талкаланган шыбактар
  • Жылуулукту кармоочу катмар  

Экинчи кадам. Түзүлүшү, орнотуу жана кою

  • Буу катмарын тосучу желдетиме
  • Жылуулук сактоочуу катмар
  • Темир торлонгон цемент шыбак
  • Праймер( үстүнкү катмарды кыртыштоо)
  • Горизонталдуу чатырды орнотуу, битумдык материалдардан болгон түрүлгөн чатыр жабуусу.
  • Желдетүү шахтасын жана дубал менен тосмо жерлерин тигинен бекитүү
  • арниздерди жана жаан суу дренажын орнотуу, шахта жана зонтторду бекитүү.

 

 

Көп кабаттуу үйдүн чатырын жарым-жартылай оңдоо

Эгерде көп кабаттуу үйдүн чатыры олутту эмес суу агуусу пайда болсо, чатырды жарым жартылай оңдоого мүмкүн жана каржылык чоң салымды талап кылбайт. Иштин көлөмү атайын аспаптар менен суюктуктун агуусу карап аныкталат.

Чатырдын бат бузулуучу бөлүгү болуп тик дубал жана жамгыр системасы кошулуучу жери эсептелет.

 

Үйдүн чатырын оңдогондо, чатыр сапатынын 80% жумушту кылган адиске жана алардын жаңы кымбат баадагы материалдар менен иштөө тажрыйбасына байланыштуу болот. 

Ошондуктан долбоорду ишке берүүнүн алдында көп жылдык тажрыйба ишке ашырган долбоорлорун гана карабастыктан аяктаган долбоорлорунда кандай пикирлерин дагы билүү зарыл.