Кыргызстандын көмүр базары

Жылытуу мезгили башталар алдында ар бир үй ээси биринчи кезекте сапат талабына жооп берүүчү көмүр тандоо түйшүгүнө дуушар болот. Мында дагы бир маанилүү учур  бул ашык төлөө, анткени ортомчу компаниялар күз-кыш мезгилинде бааларды

көтөрүп  үй-бүлөлүк бюджет үчүн оордук жаратат. Мындай кырдаалдарды болтурбоо үчүн Сиздердин көңүлүңүзгө Юнисон Топторунун адистери даярдаган  жалпы сүрөттөлүштү  ошондой эле кара отундун бүткүл республика боюнча реалдуу наркын көрсөтүүчү көмүр базарынын картасын сунуштайбыз.

Белгилей кетсек, Юнисон Топтору өлкөнүн көмүр тармагын талдоо жүргүзүү, кырдаалды окуп-үйрөнүү жана базарды изилдөө иштерин жүргүзөт. Биздин изилдөө абдан кызыктуу натыйжаларды көрсөттү жана алар биздин сайтта берилген.

Белгилүү болгондой, сапаттуу көмүр олуттуу энергияны үнөмдөөгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жөнөкөй жаран үчүн бул таштын айрым касиеттерин билүү маанилүү, аларды биз жөн гана товар алуу эмес, ошондой эле  жогорку сапаттагы жеткиликтүү баада алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү кыска кеңештер түрүндө билдирдик.