МА "Presskg": Көмүрдүн баркы кышта билинет же көмүр казууну качан колго алабыз?

Көмүрдүн баркы кышта билинет же көмүр казууну качан колго алабыз? 
ЮНИСОН коомдук фондусу электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо (ЭКУК) борборлорунун Ош аймактык кеңсесинини катышуусу жана Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетика комплексинин айкындуулугу демилгесинин Байкоочу Кеңеши менен биргеликте, АКШнын эл аралык кызматташтык агенттигинин "Өткөөл мезгилдеги демилгелер" программасынын каржылык колдоосу менен "Түштүк аймагындагы көмүр базарларында айкындуулук жаратуу" темасында журналисттер үчүн визит-тур өткөрдү. 

Жалпы түштүк аймагынын тургундары ошол эле түштүк жергесинен казылып алынган көмүр отундарын жагышат. Тээ илгерки Союз мезгилинде сапаттуу көмүрү менен Кыргызстан Орто Азиянын "кочегары" атыккан эмеспи. Союз мезгилинде Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя сыяктуу көмүр кендери күжүлдөп иштеп көмүрдү экспортко чыгарып келген. Азыр көптөгөн шахталар бош калып, жергиликтүү тургундар кол менен казып иштеп жатат. 
Кийинки кезде көмүр кымбаттап килосу 5-7, айрым учурда 11 сомдон 14 сомго чейин жетти. Көмүрлөрдүн сапаты дагы ар кандай болуп керектөөчүлөрдү түйшүккө салган учурлар да арбын кездешет. ЮНИСОН Коомдук Фондусу тарабынан түштүк аймагындагы Сары-Могол, Кожо-Келең, Беш-Бурхан, Сүлүктү, Самаркандек, Маркай ж.б. 10 көмүр кенинен алынган көмүрлөргө изилдөө жүргүзгөн. Көмүрдүн сапатын аныктоодо анын жылуулук бөлүп чыгаруусу, күлдүүлүгү, нымдуулугу, көмүрдөгү күкүрт текшерилет. 
Лабораториялык текшерүүнүн натыйжасында Сүлүктү жана Маркай көмүр кендеринен алынган көмүрлөрдүн табынын күчтүүлүгү билинген. Ошондой эле Сары-Могол көмүр кенинен алынган көмүр дагы көпчүлүк керектөөчүлөрдүн көңүлүнө төп келери аныкталган. Көмүрлөрдүн сапатын аныктап алган соң, базарларда баасы канчалык болуп жатканына да байкоо салышкан. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 23 точкасынан алынган маалыматтарды салыштырып, баалар бирде өсүп, бирде төмөндөп турганы менен эл көмүрдүн сапатына карап баалары түшүнүктүү болуп калды. Эң эле арзан көмүр Базар-Коргон айылында 2850 сом болсо, андан бир азыраак жогору Таш-Көмүрдө 3400 сом. Кадамжай районунда Сүлүктүнүн көмүрү 11000 сомдон. Ал эми Токтогул районунда Кара-Кеченин көмүрү 7 миң сомдон түшпөсө, Жалал-Абад шаарында Маркай көмүр кенинен келген көмүрдүн баасы да 7 миң сомду кармап турат. Кыш ызгаары түштүк жергесинен эрте кайтканына байланыштуу биз барган февраль айында дээрлик бардык райондордо көмүрдүн баасы үч жүз сомго, айрым жерлерде беш жүз сомго чейин арзандап калган эле.