МА "Турмуш": Нарында электр камсыздоонун жана кызматы көрсөтүүнүн сапаты талкууланды

Кечээ, 26-мартта Нарын шаарында «Сапаттын суроолору: Электроэнергия товар жана кызмат көрсөтүү» аталышындагы коомдук угуу болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Анда электр тармагынын учурдагы абалы, баа саясаты, мыйзамдуулуктун аткарылышы, тармактын келечеги тууралуу маалыматтар айтылды.

«Юнисон» коомдук корунун энергия керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координатору Жаныбек Кулумбетов электр камсыздоонун сапаты жана баа саясаты боюнча кеңири баяндама жасады.

«Кыш мезгили аяктады. Эми кайрадан кышка даярданабыз. Албетте, даярдыктар жакшы деп белгилейбиз, бирок кыш келгенде кайрадан электр энергиясынын маселеси чыгат», - деди Ж.Кулумбетов.