Биздин кызматтар

Мы можем оказать Вам услуги:
Электр энергиясынын сапатын өлчөө

Сиздин электр энергия чыңалуусу туруктуу эмеспи? Же жеткиликсиз чыңалуу болуп тиричилик жабдууларын жараксыздыкка алып келип келүүдөбү? Электр энергияны бат бат өчүдөбү?

Юнисон Групп командасынын энергия тармагындагы эксперт-инженерлери атайын текшерүүчү аспап менен энергия сапатын аныктоо  кызматы сиз колдонуп жаткан электр энергиясынын сапатын аныктайт.

Электр энергиянын сапатын өлчөөсү 6 параметр боюнча жүргүзүлөт (ток ылдамдыгынан четтөө, чыңалуунун түшүүсү, синусоидалык чыңалуунун бурмалоо коэффициенттери, n -чи гормоналдык компонентинин коэффициентти).

Текшерүүү боюнча электр энергия сапатын көрсөткөн протокол берилет, бул документ тийешелүү органдарга кайрылууга негиз болот.

Кандай жетишкендиктерге болот!

Элекр энергия сапатын жакшыртуу, анын ичинде:

  • электр менен камсыздоо сапатын жакшыртуу
  • тиричилик колдонуучу техникалардын коопсуздугу
  • электр сапатын жогорулатуу аркылуу жабдууларды колдонуу мөөнөтүн узартуу
  • жабдуларды оңдого сарпталган чыгымдарды азайтуу
  • жогорку сапаттуу жарык берүү

 

Биз менен байланышңыз!

Коомдук лекциялар

Ири масштабдуу коомдук лекцияларды жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде өткөзүү боюнча Юнисон Групптун тажрыйбасы чоң. Биздин жогорку сапаттагы, квалификациялуу адистер тобунун семинар өткөзүү боюнча тажрыйбасы кең.  

Биздин адистер: энергия компанияларынын ишкерлерине, энергоэффективдүү материалдардын жабдуучуларына, курулуш ишканаларына жана студенттерге  маалыматтык-билим берүү иш-чараларын өткөзүп келишет.  «Ушубо\Будь в тепле Кыргызстан I и  II» долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжасында биздин топтун Кыргызстандагы баардык жергесинде жергиликтүү өкмөт өкүлдөру жана активдүү калк менен иштешүү  боюнча эффективдүү механизмери түзүлдү. Юнисон Групптун акыркы маалымат компанпаниясы өлкөнун 600 айылын камтыды жана аларга 30 миң киши катышты. 

Эгерде сиз аймактарда маалымат таратуу, окутуу иштерин өткөзүү боюнча муктаж болсоңуз, биздин маалымат каналдары биргелешип иштөөгө дайым ачык.

 

 

Энергия керектөөчүлөрдүн укуктарынын маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренингдер

Юнисон Групп түзгөн Коомдук электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборлору (ЭКУКБ) республиканын баардык региондорунда укук коргоо тарабында талаш-тартыш маселелерин чечүү жанан жөнгө салуу иштерин жүргүзүп келет.

ЭКУКБ адистери дайыма коомдук иш-чараларга катышып электр энергия берүүчүлөр жана электр энергия керектөөчүлөрдүн ортосундагы маселелерди жакшы билишет. Калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу абдан маанилүү экендигин эске алып, калк  менен көптөгөн тренингдер өткөрүлүүдө. Көптөгөн малымдоо жолугушуулары аркылуу кардарлар өзүнүн укугун гана эмес, ошондой эле кардарлар жоопкерчилигин дагы үйрөнүшүп элект энериясына болгон мамилесин үнөмдүү пайдаланууга үйрөнүшөт.

Юнисон Групп машыктыруучуларынын алган тажрыйбасы жана билими жогорку деңгээлдеги окутуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, кайра байланыш каналдары дагы бар.

Үйүңүздүн энергоаудити

Үйүңүздүн энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн үйдөгү жылуулуктун жоготуу бөлүгүн аныктап жана жоюу керек.

Биздин «Үйүңүздүн энерго аудити» кызматын колдонуп, сиз үйүңүздөгү энергетикалык каражаттарын колдонуу боюнча чечими жана үйүңүздүн энергия чыгымдарын азайтуу үчүн натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарын ала аласыз. Юнисон Групптун инженер-энергетиктери имаратын жылуулук жоготуусун аныктоочу аспабын колдонуп үйдүн максималдуу жылуулук жоготуу аймактарын аныктайт.

Мындай ыкманы пайдалануу имараттардагы дубалдын, чатырдын жана күн нурун өткөрүүчү конструкциялардын кемчиликтерин аныктап, аларды өз убагында оңдоо үчүн чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Энергетикалык аудит кемчиликтүү бетон же темир-бетон курулмаларда ным топтоочу жерлер менен бирге имараттардын жана үйлөрдүн жарака аркылуу жылуулук жоготуучу жерлерин аныктайт. Мындай ыкмалар имараттардагы кемчиликтерди таап жана зарыл чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары биздин эксперттер энергия натыйжалуу материалдарын тандоо боюнча эксперттик кеңешин берип үйдүн энергоэффективдүү болушуна жардам берет. 

Биз менен байланышыңыз