Жаңылыктар

"Эркин-Тоо": Жаратылышта ашык эч нерсе жок, болгонун орду менен пайдалана билели

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө электр энергиясынын тартыштыгынан анын жетпеген бөлүгүн сатып алууга аргасыз болуудабыз. Жылдын кургакчыл болушу суу тартыштыгын жаратып, бул өз кезегинде  электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн азайтты.

МА "Турмуш": Нарында электр камсыздоонун жана кызматы көрсөтүүнүн сапаты талкууланды

Кечээ, 26-мартта Нарын шаарында «Сапаттын суроолору: Электроэнергия товар жана кызмат көрсөтүү» аталышындагы коомдук угуу болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Анда электр тармагынын учурдагы абалы, баа саясаты, мыйзамдуулуктун аткарылышы, тармактын келечеги тууралуу маалыматтар айтылды.

«Юнисон» коомдук корунун энергия керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координатору Жаныбек Кулумбетов электр камсыздоонун сапаты жана баа саясаты боюнча кеңири баяндама жасады.

МА"Super.kg": Нарын. Эртең энергетика системиндеги ачык айкындуулукка арналган семинар өтөт

11-декабрда Нарын шаарындагы “Юнисон” коомдук фондунун Нарын облусу боюнча электр энергия керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борбору тарабынан “Таза башкаруу” долбоорунун алкагында тегерек стол уюштурулмакчы. Тегерек столдо облус боюнча электр энергия керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо борборунун 8 айлык отчёту жана энергетика системиндеги ачык айкындуулук жана сапаттуу башкаруу талкууга алынат. Иш-чара Нарын шаарынын жаштар сарайынын конференц залында өткөрүлөт.

МА "Presskg": Көмүрдүн баркы кышта билинет же көмүр казууну качан колго алабыз?

Көмүрдүн баркы кышта билинет же көмүр казууну качан колго алабыз? 
ЮНИСОН коомдук фондусу электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо (ЭКУК) борборлорунун Ош аймактык кеңсесинини катышуусу жана Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетика комплексинин айкындуулугу демилгесинин Байкоочу Кеңеши менен биргеликте, АКШнын эл аралык кызматташтык агенттигинин "Өткөөл мезгилдеги демилгелер" программасынын каржылык колдоосу менен "Түштүк аймагындагы көмүр базарларында айкындуулук жаратуу" темасында журналисттер үчүн визит-тур өткөрдү. 

МА "Super.kg": Кыргызстан сапаттуу электр менен камсыздоодо дүйнө боюнча 119-орунда

Кыргызстан сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен дүйнөдө 119-орунду ээлейт. Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча акыркы орундарда. Бул тууралуу «Юнисон» коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координаторуЖаныбек Кулумбетов кабарлады.

МА "Турмуш"Нарында өткөн коомдук угууда электр энергиясынын баа наркы боюнча ар кандай пикирлер айтылды

Нарын шаарында болуп өткөн коомдук угууда Кыргызстанда электр кубатынын наркын аныктоо жолго коюлбагандыгы айтылды, деп билдирди аймактык кабарчы.
«Юнисон» коомдук корунун электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координатору Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, буга байланышкан 10 суроого 10 жооп даярдалды.

Муздак батирдеги аскер адамдары

Нарын шаарында жайгашкан Чек ара кызматынына тийиштүү көп кабаттуу үйлөр кыш келгенден бери жарытылуу жылыбай жатат. Чилдеде муздак үйдө күн кечирип жаткан тургундар суук тийип ооруканага жатып чыгышкан.

 

 

Источник: http://www.azattyk.org/a/28256241.html

Аксыдагы айылдын көчөлөрүнө түнкү чырактар орнотулду

«Аксы районунун Назаралиев айылында (көпчүлүк Кызыл-Жар же Үч-Коргон деп тааныйт) жаңы шайланган депутаттар менен жаш ишкерлердин бири көчөлөргөн түнкү чырактарды орнотушту. Жалпысынан 1000ден ашык чырак коюлат. Учурда 600 чырак иштеп жатат», - деп билдирди окурман.

Быйыл электр кубатына болгон тарифтер жогорулабайт

Бул тууралуу сунушту Отун-энергетикалык комлпексти жөнгө салуу агенттиги билдирди. Аталган мекеменин жетекчилиги буга өлкөдөгү экономикалык кырдаал себеп болгонун айтууда.

26.05.2016

«Үшүбө, Кыргызстан!» маалымат кампаниясы

В рамках информационной кампании «Үшүбө/Будь в тепле, Кыргызстан!» мероприятия идут полным ходом. К примеру, из 17 маршрутов, по которым должны проехать тренеры с лекциями, 12 уже запущены, а по остальным завершаются подготовительные работы. И на этой неделе стартуют публичные лекции в населенных пунктах по этим маршрутам.