Абонентке электр энергия коштуруу үчүн коротулган акчалар кайтарып берилди.

Категориясы: 
Тех.условие
Коррупция
Дарек: 
Нарын
Жылы: 
2013
Абалы: 
Завершен

2013 жылдын май айында Нарын облусунун Ат башы районундагы Ак-Муз аялынын тургуну Туратбек.К жергиликтүү контролёр Максатка 3 фазалу электр энергиясына кошулуусуна уруксат берүүнү өтүнөт.

Ат-Башы ЭКб контролёру Максат керектүү документтерди алып берерине убада берип Турарбектен документ үчүн  5000сом акча алып, Турарбек өз эсебине сатып алынган 3 фазалу счётчик орнотуусунда дагы өзү катышкан. 2014 жылдын март айында Максатын ордуна келген контролёр Адилет К.Турарбеке арызын ЭКБ начальник тарабынан каралып жатканы айтылып, бирок документтер кымбаттаганына жараша дагы 2000 сом сураган. К.Турарбек Адилет аркылуу Максатка 2000сом берип жиберген. 2014 жылдын март айында ЭКБ контролёру Майрамкуль пландык рейдде 3 фазага коштуруу 3000 сом алдын ала төлөө алып, ЭКБнын кассасына төлөнгөн чек берилген.

Турусбек.К андан кийин Максатка дагы Адилетке дагы телефон чалып байланышка чыга алган эмес. Максат ЭКБдагы жумушунан бошоп кетиптир. Бул маселени чечүү үчүн абонент Юнисон КФ Нарын шаарындагы керектөөчүлөр укугун коргоо борборуна кайрылган.

КФ Нарын шаарындагы керектөөчүлөр укугун коргоо борбору абонентке Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясына кат түрүндө  “электр энергияны колдону” тартиптери бузгандыгы, ченемдик укуктук актылар тура эместиги, эксплуатацияга бериле элек ЛЭП 500 кВ «Датка-Кемин» жана подстанция 500 кВ «Кемин» жылуулук үчүн берилгендиги көрсөтүшкөн. Ошону менен бирге Максаттын жүргүзгөн иштери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166 беренесине ылайык "алдамчылык" дагы жаткан.

Жыйынтыгы: 2014 жылдын 16 июлунда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция тарабынан Турарбек К арызынын негизинде ЭКБ контролеру Максатка жазылган арыздын негизинде Максат 7000 сомду өздөштүрүп алынганы такталган. Ат-Башы ЭКБнын мурдагы контролёру кайра кайтарылып берилген.

 

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция тарабынан Ат-Башы ЭКБ эки кызматкери 1000 сомдон айыпка тартылган.