Электр энергияга жаңы счётчик орнотуудагы маселелерди чечүү

Категориясы: 
Счетчик
Дарек: 
Ош
Жылы: 
2011
Абалы: 
Завершен

2015 жылдын 15 январында Ош облусундагы Юнисон Групп  Керектөөчүлөр укугун коргоо борборуна  1942 жылы төрөлгөн Эдуард Г. Атту тургуну кайрылган. Эдуард Ош облусунун Ноокат районунда жашаган жээни Рустамдын атынан кайрылган.

Керектөөчүлөр укугун коргоо борборуна кайрыла турган себеби болуп 2011 жылы Ноокат  ЭКБнө төлөнгөн 4226 сом себеби болду. Ноокат ЭКБкайрылуусунда катачылык жок болчу. Рустам жашаган даректе эки үй турат, ошондуктан электро энергияны эсептөөчү эки аспап орнотулган. 2011 жылдын 19 июнь айында Ноокат ЭКБ тарабынан электр энергияны эсептөөчү аспаптар алмаштырылып, пломба коюлуп, аспаптар алмаштыруу боюнча акт түзүлгөн. Актынын бирөөсүндө электр энергия счётчигинде -04535 барабар электр энергия кубаттуулугу колдонулганы көрсөтүлгөн. Абонент эски эсептегичтин көрсөтүлгөн электр энергиясына болгон акчасын толук төлөп берген. Бирок бир аз күндөн кийин контролёр абонентке 4 535/0 дүмүрчөгүн алып келген (артындагы ноль, алдына жазылып калган). 4675кВтс керектөөсү менен төлөө үчүн 3272,5 сомго барабар болгон. Албетте  мындай чечим менен абонент макул болгон эмес. Бул сумманы төлөгөнгө макул болбогондуктан, төлөө мөөнөтүнөн өткөн соң электр энергиясын кыскартылып салынган.

Абонентин маселесин толугу менен угуп, жагдайды түшүнүп туруп Ош шаарындагы  керектөөчүлөр укугун коргоо борбору практикалык жардам көрсөтүп, тиешелүү органдарына арыз менен кайрылуусун көрсөтүп электр энергия керектөөчү жана жеткизчүү компаниялардын укуктары жөнүндө түшүндүрүлүп берилген.

Жыйынтыгы:  ОАО "Ошэлектро" 4226 сом карысын жокко чыгарып, абонентке кайрадан светти кошуп берген.
Нурлан Ирисов, Юнисон КФ Ош шаарындагы Керектөөчүлөр укугун коргоо борборунун башчысы.

Билип алуу маанилүү: "Электр энергиясы менен камсыз кылуучу компаниялар керектөөчүлөрдүн карыз үч айдан ашык созуга  (жеке адамдарга) төлөө үчүн уруксат берүүгө укугу жок. Үч айдан ашкан мөөнөткө, карызды соттук тартибинде алынат суммаларды калыбына келтирүү "