"Эркин-Тоо": Жаратылышта ашык эч нерсе жок, болгонун орду менен пайдалана билели

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө электр энергиясынын тартыштыгынан анын жетпеген бөлүгүн сатып алууга аргасыз болуудабыз. Жылдын кургакчыл болушу суу тартыштыгын жаратып, бул өз кезегинде  электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн азайтты.

Бирок муну табиятка шылтоолоп, убактылуу нерсе катары карап, сарамжалдуулукка үйрөнө албасак,   кийин да  кыйынчылыктар боло бериши мүмкүн. Негизи эле адам турмушунда электр керектөө жылдан-жылга өсүп келди, бирок аны өндүрүү көлөмү  өзгөргөн эмес. Мурда бир үйдө бир телевизор, үтүк,  кир жуугуч машина сыяктуу тиричилик техникалары жана жарык үчүн гана электр керектелсе,  бүгүн   үй  турмушунда керектелчү техникаларды санап бүтө албайсың. Ошондой эле азыр  калктын көбү  электр менен үй жылытышат.  Үй  жылытуу өлкөбүздөгү өндүрүлгөн электр энергиясынын  негизги керектөөчүсү болуп, анын жалпы көлөмүнүн 50%ын керектейт.  Эгерде энергияга сарамжал болуп, үйдүн жыртык-тешигин бүтөп же энергия үнөмдөөчү каражаттарды  пайдаланып, жылуулукту сактоосуна  кам көрсөк,  аз эмес көлөмдөгү электр энергиясын  үнөмдөп кала алабыз. GIZ «Жарандык коомду колдоо фонду», «Юнисон» коомдук фонду, Кыргызстандын климаттык тармагы  жана Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн  укугун коргоо боюнча коомдук борбордун биргелешкен аракеттери менен  кышта кыйналбай чыгуу максатында калк арасында энергияны үнөмдөө каражаттары жана ыкмаларын түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

“Үшүбө, Кыргызстан” деп аталган бул иш-чаралар алкагында  энергияны үнөмдөө жана анын натыйжалуулугуна  жетишүүгө багытталган керек маалыматтарды элге жайылтып,   үй-бүлөлүк бюджетти рационалдуу пландоо жана  бөлүштүрүү, ден соолукту сактоо, мал-жанды багуу, туура тамактануу сыяктуу маселелер туурасында тренингдер  өткөрүлүп жатат.  Бул багыттардагы керектүү маалыматтар жана практикалык  кеп-кеңештер кыргызстандыктарды   азыркы энергетикалык тартыштыкка карабастан,  кыш суугунда аз чыгымдар менен  эле жашоо турмушун  кадыресе деңгээлде кармап калуусуна  жардам бере алат. Мына ушундай максатта аталган коомдук уюмдардын күчү менен республикабыз боюнча 400 айылда  жолугушуулар  пландалган.   Атайын тартылган адистер тренер катары элди бардык жагынан энергосарамжалдуулукка   үгүттөө  иштерин жүргүзүп жатышат.

Чынында электр жетишсиз деп  алакан жайып, алсыздык көрсөтпөй   анын бөксөсүн толтурчу жол-жоболорду издеп, аракет кылганга не жетсин.   Дегеле электр энергиясын керектөө  мындан ары да өссө өсөт, бирок азайбайт. Жаратылышта ашык-кем эч нерсе жок, ал адам керектөөсүн канча кылым болсо да канааттандыра бериши мүмкүн. Бирок, анын эсебинде адам баласынын  шалаакылыгынан,  колдо болгон  байлыктын баркын билбей коромжу кылышынан улам көбөйгөн керектөө деген нерсе  жок.  Андыктан, өз жашообузга сергек карап, жаратылышта ашыкча эч нерсе жок экенин унутпообуз керек.