ЭСЕПТЕГИЧТИН ТАКТЫГЫН ТЕКШЕРҮҮ ДООМАТТЫ ЖОЮГА ЖАРДАМ БЕРДИ

Категориясы: 
Счетчик
Дарек: 
Нарын
Жылы: 
2012
Абалы: 
Завершен

Анвар Нарын шаарында көптөн бери жеке ишкер катары белгилүү. Ал анча чоң эмес мончонун жетекчиси.

2012-жылдын 28-августунда Анвардын үйүндө РЭТтин кызматкерлери кытай өндүрүшүнөн чыккан жаңы электрондук эсептегич орнотушкан. Толук эмес бир ай ичинде керектөөгө боюнча эсептөөчү прибор 2284 кВт/саат көрсөттү, бул мурдагыга салыштырмалуу бир нече эсе көп эле. Кошумча, Анвар мончо он күндөй суу жок болгондуктан токтоп тургандыктан эсеп-дүмүрчөктүн тууралыгына ишенгиси келген жок.

2012-жылдын 20-сентябрында Анвар жаңы электр эсептегичинин туура иштегенине ишенбей Нарын РЭТинин кызматкерлерине кайрылды. Энергокомпаниядан ачык жооп ала албагандыктан, ал Нарын шаарындагы ЭКУК КБ на кайрылды.

Нарын ш. ЭКУК КБ, маселени Анвар менен талкуулап, РЭТтин башчысы Ы.Наркеев жана энергия сатуучу мекеменин кызматкерлери жолугушуу учурунда даттануунуну деталдуу талдоо үчүн жеринен кароону макулдашты. Бул үчүн РЭТтин башчысы менен РЭТтин эки инспектору Абоненттин дареги боюнча келишти. Карап чыккандан кийин текшерүү протоколун жана көчмө комиссиянын чечимин жазышты.

Жыйынтык: Жеринде РЭТтин адистери электр эсептегичин карап чыгышты жана электр өлчөгүчү (электроклещ) менен сууну ысытуучу казандын чыгуучу жерин өлчөштү. Тыянагында керектөөчү ар биринин кубаттуулугу 3 кВт болгон кошумча үч электротэнди жана чоң кубаттуулуктагы өзгөчө (стандарттуу эмес) кургак тэн кошулгандыгы белгилүү болду.

Электрондук эсептегичтин иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн Нарын Мамстандартка да жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептегичтин жакшы иштеп жаткандыгы, иштешинде кемчиликтери жок жана толугу менен пайдаланууга жарай тургандыгы аныкталды.

Керектөөчү анын эсептегич жабдуусу оң экендигине ишенди, ошондой эле ал кошкон жаңы кубаттуулуктар керектөөнү көбөйтөөрүнө макул болду.

Андан кийин Анвар эсеп боюнча керектелген электр энергиясы үчүн толугу менен төлөп берди. Энергокомпаниянын иштөөсүнө болгон дооматы алынды. Ошондой эле, ал мончону үнөмдүү иштетүү үчүн мындан ары таш көмүр менен камданууну чечти.

Фото: Юнисон КФ

Айбек Аскарбеков,

Болот Шайымкулов

ЭКУК КБ Нарын ш. «Юнисон» КФ