КЕҢСЕНИН ТЕХНИКАСЫ ИШТЕН ЧЫКТЫ – ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Категориясы: 
Авария
Дарек: 
Нарын
Жылы: 
2012
Абалы: 
Завершен

2012-жылдын 20-октябрында "Нарын" эркин экономикалык зонадан (ЭЭЗ) керектөөчүлөрдүн укугун коргоо Коомдук борборуна уюмдун Ленин көчөсүнө жайгашкан кеңсесинде электр энергиясынын кескин өзгөрүүсү болуп анын натыйжасында баардык лампочкалар жана кеңселик техника (компьютерлер, сканерлер ж. б.) бузулуп калгандыгы жөнүндө билдириришти.

ЭКУК КБ нун адиси, Нарын ш. "Нарын" ЭЭА жана кеңсеси ушул эле имаратта жайгашкан Нарын ш. каржы полициясынын жетекчилиги менен бирдикте имаратты жана жабдууларды карап чыгышты. Ошол эле мезгилде ЭКУК КБ адистери ЭТРдин диспетчердик кызматына билдирүүнү кеңеш берди. Көп убакыт өтпөй эле аврия кызматы келип имараттагы электр зымдарын карап чыгып, аспаптын жардамы менен ченебей эле чыңалуунун кескин өзгөрүшү болгон эмес деген тыянак чыгарып кайра кетип калышты.

Ошондо ЭКУК КБ кызматкерлери ЭТР жана Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары боюнча өкүлчүлүгүнө сапатсыз энергиянын берүүсү жөнүндө актысын жана арыз жазууга жардам берди. “Электр энергетикасы жөнүндөгү” Мыйзамга ылайык, ГОСТтун талаптарына ылайык келбеген электр энергиясы берилген учурда , ошондой эле мында пайда богон материалдык зыян абонент тарабынан акт түзүлөт жана электр менен жабдуучу уюмдун өкүлү аркылуу күбөлөндүрүлөт. Эгерде энергокомпаниянын өкүлдөрү чакырган учурда 6 саат ичинде келбесе, анда ушул эле электр линиясына (зымына) уланган үч абоненттин катышуусунда актын түзсө болот. Мындан тышкары, керектөөчүлөр КР юстиция Министрлигине караштуу соттук экспертизанын Мамлекеттик борборуна (СЭМБ) жабдуулардын бузулуу себептерин аныктоо үчүн кайрылуусу керек.

СЭМБ экспертизанын электроприборлорунун бузулуу себеби төмөнкү сапаттагы электр энергиясы экендиги далилденсе керектөөчүгө тиричилик техникасын оңдоого кеткен бардык чыгымдар (квитанциялар менен тастыкталса) төлөнүп берилет.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: Маселе эки тараптуу суйлөшүү деңгээлинде жарымын өз ара чегерүү жолу менен, чечилген.

Айбек Аскарбеков

Болот Шайымкулов

ЭКУК КБ Нарын ш. Юнисон Групп