Ченемдик База

Кыргызстандын энергетика чөйрөсүндө  энергонатыйжалуулуктун стандарттарын  аныктаган мыйзамдар жана ченемдер бар. Укуктук сабаттуулукту жогорулатуу үчүн ушул мыйзамдардын айрым пайдалуу жерлери менен таанышууну жана ошол учурда өлкөдөгү мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү болуп жаткан окуяларды дайыма билип турууну сунуштайбыз.

 

Энергетикалык натыйжалуулуктун Мамлекеттик экспертизасы өткөрүлүүгө тийиш:

- Экономиканын тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлору, администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын энергия менен жабдуунун схемасы,;
- Техникалык-экономикалык негиздөөнүн жана жаңыдан куруунун, иштеп жаткан ишканаларды кеңейтүүнүн (кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, модернизациялоо), имараттардын, курулуштардын долбоорлоо-пландоочу документтеринин энерготехнологиялык бөлүгү,

Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасын өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

«ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 12

Мекемелерди энергетикалык текшерүү

Мекемелерди энергетикалык жактан иликтөө, энергетикалык паспортту тариздөө менен отунду жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугуна жана керектөөчүлөрдүн отун менен энергияга болгон чыгымдарын азайтуусуна баа берүү максатында жүргүзүлөт.

Мекемелердин энергетикалык жактан иликтөөлөр милдеттүү жана алардын тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик энергетика инспекциясы (МЭТИ) тарабынан ишке ашырылат.

 «ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 9

Мидеттүү түрдө энергетикалык сертификациялоо өткөрүлүүчү имараттар

Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөндөр 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн  башка имараттар үчүн энергетикалык сертификациялоо милдеттүү болуп саналат. Бардык калган учурларда имараттарды энергетикалык сертификациялоо ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.

Имараттарга: турак жай, коомдук, административдик жана көп функционалдуу өндүрүштүк эмес, ошондой эле алардын техникалык системаларына.

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жалпы аянты  150 чарчы метрден ашпаган жеке турак жай имараттарына;
2) диний ырым-жырымдарды, ритуалдарды жана аземдерди жасоого арналган имараттар үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маданий мурас объектилерине таандык (тарыхый жана маданий эстеликтер), эгерде энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарын аткаруу  анын сырткы түрүнүн стилин жана тосуучу конструкцияларынын өзгөртүү күчүнө ээ болуу менен  мүмкүн болбогон имараттар;
4) капиталдык эмес курулуштардын убактылуу объекттерине;
5) дача үйлөрү;
6) көмөкчү пайдаланылуучу (көмөкчү-чарбалык багыттагы). имараттар жана курулмалар

 

 «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамы, бер.2; бер.5

Имараттын энергетикалык сертификаты

Энергетикалык сертификатын жарактуулук мөөнөтү-10 жылдан ашык эмес. Энергетикалык сертификаты имараттын профилин кайра өзгөртүү жүргүзүүдө жана кайра пландаштырууда, ошондой эле тышкы тосмо конструкцияларына жана техникалык системасына өзгөртүүлөр киргизилген учурда алардын электр энергиясын керектөөсү өзгөрсө белгиленген колдонуу мөөнөтү өткөнгө чейин күчүн жоготот,.

Көп квартиралуу турак жай имараттары, коомдук, администрациялык жана өндүрүштүк эмес көп функцияналдык имараттар энергетикалык сертификациялоону өткөндө маркаланышы керек, ал эми имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун классынын көрсөткүчү фасаддын көрүнүктүү жерине жайгаштырылууга тийиш.

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу карата минималдуу талаптар

Жаңы имараттар жана энергетикалык реновация жүргүзүлгөн имараттар ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, алардын энергетикалык натыйжалуулугу минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш,..

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпаган жеке турак жай имараттарына;
2) диний ырым-жырымдарды, ритуалдарды жана аземдерди жасоого багытталган имараттар үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маданий мурас объектилерине (тарыхый жана маданий эстеликтер) таандык имараттар, эгерде энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарын аткаруу анын сырткы түрүнүн стилин жана тосуучу конструкцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу мүмкүн болбосо;
4) капиталдык эмес курулуштардын убактылуу объекттерине;
5) дача үйлөрү;
6) көмөкчү пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (көмөкчү-чарбалык багыттагы).
     

 «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамы, бер.5

Имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары энергетикалык натыйжалуулуктун "В" класстагы жогорку чеги менен аныкталат.

             Имараттын функцияналдык багыттарына жана курулуш районунун климаттык шарттарына жараша имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун талаптары белгиленет.
             Курулуп жаткан имараттардын тосуучу жана ачуучу конструкциялары үчүн жылуулук коэффициентинин минималдуу талаптары:
- сырткы дубалдар үчүн U=0,32 Вт/(м2*оС)
- терезелерге U ≤ 1,5 Вт/(м2*оС)
 

 “Имараттарга энергетикалык сертификациялоонун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо, гл.2, п. 2.1;2.4;2.5

Буу казандардын энергетикалык натыйжалуулугун көзөмөлдөө

  Кыргыз Республикасынын "имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, имараттардын буу казандарын, жылытуу системаларын жана ысык суу менен жабдуунун энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо сөзсүз төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- пайдаланууга берүүдө;
      - энергетикалык реновациялоодо;

  Бардык калган учурларда буу казандардын, жылытуу системасынын жана ысык суу менен камсыздоонун энергетикалык натыйжалуулугунун мезгил-мезгили менен контролдоо ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.

       Турак жай, коомдук, административдик жана көп функционалдуу өндүрүштүк эмес имараттарда орнотулган жылуулук менен камсыздоо системасы, атап айтканда: заводдо жана башка жерде жасалган  номиналдуу жылуулук кубаттуулугу 10 кВт жана андан жогору жылуулук энергиясын жылытуу системасына жана ысык суу менен камсыздоого жеткирүү үчүн катуу, суюк, газ түрүндөгү отун жана биомасса менен иштеген мештер; имараттардын 15 жылдан мурда жасалган от казандары иштеген жылытуу системасы.

" Буу казандардын, жылытуу системасынын жана ысык суу менен камсыздоо энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө " жобо имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын төмөнкү имараттардагы казандары үчүн жайылтылбайт:
- жалпы аянты 150 чарчы метр ашпаган жеке турак-жай имараттарына;
- капиталдык эмес курулуштун убактылуу обьекттерине;
- дача үйлөрүнө;
- көмөкчү пайдаланылуучу (көмөкчү жана чарбалык багыттагы) имараттарга жана курулмаларга.

           Буу казандардын, жылытуу системасынын жана ысык суу менен камсыздоонун энергетикалык натыйжалуукту контролдоонун мезгилдүүлүгү буу казандын (казандардын) номиналдуу жылуулук кубаттуулугуна, отундун түрүнө жана имараттардын функционалдык багыттарына жараша аткарылат:
        - кубаттуулугу 10 дон 30 кВт чейин катуу отун жагылуучу от казандары үчүн– 5 жыл
        - кубаттуулугу 10 дон 30 кВт чейин жаратылыш газынын мештери үчүн– 7 жыл

 “Имараттарды жылытуу системасы жана ысык суу менен  камсыздоочу  буу казандарынын   энергетикалык натыйжалуулугунун мезгилдүү контролдоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо, гл. 1, п.1.2 -  1.6

Энергетический сертификат здания

Энергетический сертификат выдается на срок действия не более 10 лет. Энергетический сертификат теряет силу до истечения установленного срока действия при проведении перепрофилирования и перепланировки здания, а также при изменениях наружных ограждающих конструкций и технических систем, при которых изменяется его энергопотребление.

Многоквартирные жилые здания, общественные, административные и многофункциональные непроизводственные здания, прошедшие энергетическую сертификацию, должны маркироваться, а указатель класса энергетической эффективности зданий должен размещаться на видном месте фасада.

Закон КР «Об энергетической эффективности зданий», ст.5