Ченемдик база

Атаандаш (альтернативдик) жана кайра жаңылануучу энергетиканы ар тараптан ишке ашыруу, өлкөнүн отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын келечектүү багыттарын бири катары киргизилген. ЭЖБ пайдаланууга байланыштуу негизги мамилелерди жөнгө салуучу катары Кыргызстанда 2008-жылы кабыл алынган “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Мыйзамы эсептелет. Бул мыйзамда өлкөнүн энергетикасынын бул багытын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү негизги учурлары жазылган:

 

Иштеп чыгуу, өндүрүү, ЭКБ жабдууларын ташып келүү

- жабдууларды импорттоодо жана экспорттоодо, ЭКБ үчүн түзүлүштөрдү жана комплекстөөчү буюмдары бажы алымдарынан бошотулат;

(«ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 12)

ЭКБны пайдаланууга экономикалык жактан колдоо (дем берүү)

- ЭКБ пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясы өзүн-өзү актоо мезгилинде ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталгандай акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти тиешелүү коэффициентке  көбөйтүү жолу менен алат (12-Берене, 3-глава)

- акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына болгон максималдуу тарифке ЭКБ ар бир түрү боюнча өзүн-өзү актоо мезгилинде коэффициенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

суунун энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 2,1 ге барабар;

күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 6,0 гө барабар;

биомассасынын энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 2,75 барабар;

шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5 ке барабар;

жердин энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35 барабар;

                                                                                           («ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 12)

ЭКБ системаларынын атаандаштыкка жарамдуулугун камсыздоо

- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгили аяктагандан кийин ЭКБНЫ пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясынын тарифтери электр энергиясын иштеп чыгууга негиздүү чыгымдары жана адилеттүү пайданын элементи эске алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир станция үчүн жекече эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат.

(«ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 12)

ЭКБ энергиясын сатуу, энергия компаниялары менен кызматташуу

- баардык электр энергия компаниялары ЭКБ пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн  тармак аркылуу жеткирүүсү үчүн өздөрүнүн тармактарына келүүсүн тармакка белгиленген электр энергиясынынын стандарттарга шайкеш келген шартта басмырлоосуз камсыз кылууга тийиш

- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялар ЭКБ өндүрүүчүлөрдөн электр энергиясын керектөөчүлөргө чейин тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылышат

(«ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 12)

 

- мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттенмелер энергетикалык компаниялар тарабынан аткарылбаса анда алар ЭКБны өндүрүүчүлөр албай калган пайданын өлчөмүндө компенсациянын ордун толтурат

 («ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер.16)

ЭКБ иштеп чыгарган энергиянын сатылышына кепилдик

       - ЭКБны пайдалануу менен чыгарылган жана бул жабдууну орноткон ээси тарабынан  өздүк муктаждыктар үчүн пайдаланган электр энергиясынын ашыгы жана керектөөчүлөргө  келишимдик негизде сатылбаган бөлүгүнүн баары ошол ЭКБны пайдалануучу жабдуу жайгашкан администрациялык-аймактык территориядагы эң ири бөлүштүрүүчү электр энергетика компаниясы тарабынан   кайсы электр энергия компаниясынын тармагына ЭКБ пайдалануучу жабдуу кошулганына  карабастан сатылып алынышы керек

(«ЭКБ жөнүндө» Мыйзамы, бер. 12)

 

Кыргыз Өкмөтүнүн 2015-жылкы буйругуна ылайык ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын чыгаруучу станциялар үчүн электр энергиясынынын тарифтерин бирдиктүү эсептөө ыкмасы бекитилген

Тарифти аныктоо

- өзүн-өзү актоо мезгилинде  ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгарылган ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун электр энергиясынын тарифтерин Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына жана методикага ылайык отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктайт.
 

(«Электр энергиясын ЭКБны пайдалануу менен чыгаруучу станциялардын тарифтерин эсептөө методикасы», бер.6)