Көмүрдү тандоо боюнча кеңештер

Кышка даярдануу көптөгөн суроолорду камтып, анын ичинде көмүр сатып алуу дагы эсептелет. Ошондой эле биз тандаган көмүрдүн сапатынан кыш мезгилиндеги имарат ичиндеги оптималдуу жылуулук температурасын түзүүгө жана сапаттуу жылуулук берүүсүнө шарт болот.

 

Көмүрдү тандоо боюнча кеңештер:

·      

 

  • өлчөмү 25-50 мм болгон көмүрдү тандаңыз, ал көпчүлүк мештерге абдан туура келет.
  • Тоголок көмүрлөрдүн түсүнө караңыз: түсү бир түрдүү болушу керек, ал эми таштар боз-агыш болот, бул күйбөй турган порода, ошол эле учурда ал күл түшүүчү торду толтуруп салат. Порода чаканын гана салмагын арттырат – аны сатып алуу пайдасыз.
  • Көмүрдүн курамын караңыз: курамы бирдей болушу керек. Майдасынын өтө көп болушу көмүрдүн сапатынын начар экендигин көрсөтүп турат. Ал начар күйөт жана көп күл калтырат.

Нефть менен кошо алынган импорт (майлуу) көмүр жакшы күйөт, бирок моруларды тез толтурат.

Көмүр сатып алуу боюнча кеңештер

 

  • Ар кайсы жерде сатылып жаткан көмүрлөрдү караңыз да, сырткы көрүнүшү боюнча баалаңыз – бул маанилүү, анткени көмүрдү карабай туруп Сиздин үйгө жеткиргенде, андан баш тартуу мүмкүн эмес.
  • Көмүрдү сапатына кепилдик берип, дайыма алып келип турган өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алыңыз. Ортомчулардан сатып алуу баанын өсүп кетүүсүнө алып келет.
  • Жеткирүүгө жакын болгонун тандоо зарыл, транспорттук чыгымдар олуттуу роль ойнойт.

Көмүрдү чыпта (мешок) менен эмес, дароо бир нече тонна сатып алган пайдалуу. Чыпта менен баасы 5-10 эсе өсүп кетет.