МА "Super.kg": Кыргызстан сапаттуу электр менен камсыздоодо дүйнө боюнча 119-орунда

Кыргызстан сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен дүйнөдө 119-орунду ээлейт. Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча акыркы орундарда. Бул тууралуу «Юнисон» коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координаторуЖаныбек Кулумбетов кабарлады.

Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, атайын жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын дээрлик 80 пайызы электр кубатын өчүрүүгө карата нааразычылыктарын билдирсе, 50 пайызы электрдин чыңалуусуна күч келгендиктен, тиешелүү 220 Вт мүмкүнчүлүктү ала албай жаткандыгын айтышкан.

«Шаар ичинде электрге күч келүү 58,5 пайыз болсо, айыл жергелеринде 44,3 пайызды түзөт. Ошону менен катар 20 пайыз керектөөчүлөр электр жабдыктарынын бузулуп, керектен чыккандыгын айтышкан. Бирок анын ичинен болгону 3 пайызы гана тарткан зыяндары үчүн төлөм каражатын алган»,- деп кошумчалайт Ж.Кулумбетов.