МА"Super.kg": Нарын. Эртең энергетика системиндеги ачык айкындуулукка арналган семинар өтөт

11-декабрда Нарын шаарындагы “Юнисон” коомдук фондунун Нарын облусу боюнча электр энергия керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борбору тарабынан “Таза башкаруу” долбоорунун алкагында тегерек стол уюштурулмакчы. Тегерек столдо облус боюнча электр энергия керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо борборунун 8 айлык отчёту жана энергетика системиндеги ачык айкындуулук жана сапаттуу башкаруу талкууга алынат. Иш-чара Нарын шаарынын жаштар сарайынын конференц залында өткөрүлөт.