«Новопокровка айылын электр энергиясы менен камсыздоо долбоору»

Демилгечиси жана башкы аткаруучу: ОО «Элсен», Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борбору Чүй облусу Кант ш.(ЭКУКБ)

Каржылык колдоо: Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Великобританиянын эл аралык өнүктүрүү Министрлигинин (DFID) жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан Биргелешип Башкаруу Программысынын алкагында ишке ашырылды

Масалени баяндоо: Чүй обласынын, Логвиненко айыл өкмөтүндөгү Новопокровка айлынын жаңы конушунда 498 айыл үйү үч жыл бою электр энергиянын тармагына кошулган эмес. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара катнаштын жоктугунан, каржылык мүмкүнчүлүктөрү жана мыйзам кемчиликтери, ошондой эле ченемдик укук актылардын жана электр менен камсыз кылуу системасында жетишпегендик жарандар тарабынан нараазычылыгын жогорку даражасына алып келди.

Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иш сапарындагы жаңы конуштун тургундары менен болгон көптөгөн жолугушуулар, абалды терең изилдөөдө жаңы конуштарда электро энергия менен камсыз кылуусу эң актуалдуу суроолордун бири экендигин көргөздү

Долбоордун натыйжалары:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана жаңы конуштун тургундары биригип 203 зым карагай орнотушту.
  • Электро энергия тармагы орнотулду
  • Атайын даярдоодон өткөн демилгелүү топ укук коргоо ыкмаларын үйрөнүп бүгүнкү күндө маселерин чечүүнүн башка жолу катары, бийликтин жергиликтуу жана борбордук өкулдору менен биргелешип иштоодо.
  • Демилгелүү топтун аракетинин натыйжасында "Демилгелуу Аракет" деген коомдук бирикмеси пайда болду
  • Айылдык, райондук жана облустук башкаруу, энергетикалык компаниялар, ЖКтин депутаттары, жарандык коом жана жергиликтүү жашоочуларынын ортосунда натыйжалуу диалогу үчүн шарттар түзүлдү.
  • Жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талдоонун негизинде электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборунун эксперттери менен бирге аналитикалык маалымдамасы чыкты. 
  • Изилдөөлөр жана сунуштар  парламенттин 2-окуусунун денгээлинде турган парламенттик топтун мыйзам чыгаруу демилгесине негиз катары кызмат кылды.
  • Долбоор « Түндүкэлектро »ААК, Чүй обладминистрация жана Энергетика жана Өндүрүш министирлиги ортосунда уч тараптуу меморандумга кол коюусуна салым кошту. 
  • Жаңы конуш электр энергия тармагына толук эмес камсыздалган, бирок кошуулары улантылууда.

Долбордун Маалымат каражаттарында чагылдырусу: http://cso-central.asia/dostup-k-elektrichestvu-v-novostrojkax-issyk-atinskogo-rajona/