Өлчөө чекиттери боюнча анализдердин жыйынтыгы

ОФ "Юнисон" Бишкектеги ЭКУК КБ тармагы менен бирдикте 2014-жылдын январынан март айына чейин Нарын жана Кант шаарларында берилүүчү электр энергиясынын көрсөткүчтөрүнүн мамлекеттик стандарттардын талаптарына туура келишин аныктоо боюнча өлчөө жүргүздү. Бир өлчөөнүн узактыгы 7 сутканын түзөт жана ал жумушчу жана эс алуу күндөрүн милдеттүү киргизүүнү эске алуу менен тандалып алынды.

ЭС изилдөө жүргүзүү үчүн өлчөө чекиттерин тандоодо энергия кампаниялары 2013-2014-жж. кайра калыбына келтирүү же жабдууларына жаңыртуу жүргүзгөн райондорго артыкчылык берилди. Бул маалыматтар "Түндүк Электр" ААК (www.severelectro.kg) жана "Кыргызстандын УЭС" ААК (www.energo.kg) расмий сайттарынан алынган.

Өлчөө ыйгарым укуктуу органдарында сертификациялоодон, каттоодон жана эталондук көрсөткүчтөргө туура келүү боюнча текшерүүдөн өткөн, электр энергиясынын сапатын каттагычтар РЕ-01 менен жүргүзүлгөн.