Өз укугун билүү -КҮЧ

Категориясы: 
Счетчик
Дарек: 
Джалал-Абад
Жылы: 
2015
Абалы: 
Завершен

Тажрыйба көрсөткөндөй, энергетикалык компаниялар тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоону керектөөчү укуктук билүү аркылуу гана мүмкүн.

Мисал болуп Сузак районундагы Кыргыз-Абад айылынын тургуну Каримкуланын окуясы болду. 2015 жылдын февраль айында Жалал-Абад облусундагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборуна Каримкул кайрылып, Сузак районундагы ЭКБ кызматкерлеринин аткарып жаткан кызматтарынын  негиздүүлүгүн тактоого кайрылган.

Кайрылуудагы негизги  суроосу "Жалалабатэлектро"ААК Сузак районунун ЭКБ бөлүмү райондогу мурдагы советтер союзунан берки индукциялык эсептегичтерди жаңы кытайдын электрондук эсептегичтерине алмаштыруу болду. Эсептегичтерин алмаштыруучу абоненттер ЭКБ кызматкерлеринин айтусунда эсептегичти, кабелди  жана автоматты жана башка керектүү буюмдарынын барын өз эсебинен сатып алуусун айтылган.  Контролёрдун айтуусунда, бул талаптарды аткарбагандарга чоң суммадагы айып салынмак. Кайсы суммага экендиги такталган эмес.

Каримкул эсептегич алмаштыруу үчүн акча төлөп берүүдөн баш тарткан, Каримкул Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборлору уюштурган электр энергия компаниялардын жана керектөөчүлөрдүн укугун түшүндүрүү жолугушуулардын катышуучусу болгон.

Каримкулдун Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборуна кайрылууда адистер тарабынан түшүндүрүлүп берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамына карата эсептегичти электр энергия жеткизүү компаниясы өз эсебинен орнотуп берет же электр энергия жеткизүүчү компания керектөөчүгө эсептегич сатып алуу үчүн каржысын төлөп берүү зарыл. Керектөөчү сатып алган документтерин  сактап кою керек(квитанция же патенттик акт).Ушул документтер аркылуу электр энергия жеткизип берген компаниядан коротулган чыгымдарын кайтарып алат.

Кошумча, Каримкул Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборуна кайрылгандан кийин “Фергена” гезитине өзбек тилинде макала жазып, өрөөндө болуп жаткан окуяны чагылыштырган.

Каримкул ЭКБ кайрылуусунда эч кандай жооп ала албай, бул иш чараны Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигине кат жазган.

Жыйынтыгы: Министерстводон райондогу ЭКБга телефон чалуудан кийин, Квитанияцы бар абоненттерге  коротулган акчасы кайтарылып берилген.

Билип алуу маанилүү: Электр энергия бөлүштүрүүчү компания 6 айдын ичинде абонент тарабынан эсептегич орнотууга же оңдотууга коротулган чыгымдарын кайтарып берүүсү зарыл.

 КР “Элетр энергия жөнүндө” мыйзамы. 14 берене. 

 

 

 

Сүрөт «Жалалабадэлектро» ААК сайтынан жүктөлгөн http://www.jae.kg/