Суроо / Жооп

Биз күндөлүк турмушта көп кездешүүчү маселелерди камтыган суроолорду жана аларга толук жооп даярдоого аракет жасадык. Мисалы, күйүп кеткен электр жабдуулары, мыйзамсыз салынган айып пулдар жана энергокомпания менен өз ара мамиле куруу ж.б. Мунун баарын  Биз күн сайын учуратабыз жана аларды түшүндүрүүгө муктажбыз.

3 фазага алынган техникалык шартты жоголгон учурда кантип кайра жасатууга болот?

Азыркы мезгилде электр энергиясы менен жылытуу жана сууну ысытуу үчүн техникалык шартты алуу «Датка-Кемин» тармагын жана 500 кВ көмөк чордонун эксплуатацияга бергенге чейин КР Өкмөтүнүн 30.12.2011 г №763 “КР энергосистемасындагы электр энергиясынын пайдалануудагы эрте мененки жана кечки максимум учурундагы жүктөмдү азайтуу иш чараларын көрүү жөнүндөгү ”, КР энергетика жана өнөр жай министрлигинин астындагы илимий- техникалык кенештин 15.05.2012 ж. № 03-1/17 “Электр энергиясы жана кубаттулук балансы, жаңы керектөөчүлөрдүн кошулуу методикасы ”, ошондой эле “Түндүкэлектро” ААК 24.05.2012 ж. № 687 “Техникалык шарттарды берүүнү иретөө” приказынын негизинде токтотулган.

Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн техникалык шарттар сураган райондо техникалык мүмкүнчүлүк болгондо гана тиричилик зарылчылыгы үчүн электр энергиясы менен ысытуу жана суу жылытуу укугусуз пайдаланууга уруксат берилген 3,5 кВт ашык эмес кубаттуулукта берилет.Эгерде Сиз үч фазага алынган техникалык шартыңызды жоготкон болсоңуз, анда Сиз “Түнүдүкэлектр” ААК-нан үч фазалуу кошулуу бар экендигин ырастоочу кат алышыңыз керек.Мурун берилген техникалык шарттарды ырастоо документи тиричилик зарылчылыгы үчүн абоненттин мурда электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга уруксаты бар болсо да электр энергиясы менен ысытуу жана суу жылытуу укугусуз пайдаланууга уруксат берилген 3,5 кВт ашык эмес кубаттуулукта берилет.
КР энергетика жана өнөр жай министрлигинин 10.08.2012-ж. №03-1/4634, катына ылайык техникалык шарттарды жоготкондогу жоопкерчилик абонентке таандык экенин белгилөө маанилүү.
Тастыктоону алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. 3 фазалуу улануу бар экендиги жөнүндө электр энергиясын сатуу кызматынын маалым каты;
  2. өздүк эсептин көчүрмөсү (электр энергиясын керектөөнүн динамикасы);
  3. абоненттин паспортунун көчүрмөсү.

Андан соң бул документтер менен cиз "Түндүкэлектр" ААКыны өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнө кайрылууңуз зарыл / Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча боюнча шаршемби жана жума күнү ишке ашырылат: Аламүдүн р-ну, Лебединовка айылы, Чкалов көчөсү, 3. ӨТБ-нүн байланыш телефону 97-66-88 (кошумча номерлер 64-66, 64-30, 64-50)

Жеткирүүчү алмаштыруу учурунда зым карагайдан эсептегичке чейинки эски кабелди алып кетүүгө акысы барбы?

Бөлүштүрүүчү ишкана жанаи керектөөчүнүн ортосундагы чек аранын чеги боюнча эки эреже бар: Кошуу точкасында, жабдуунун ээси, ал эми Берүү точкасында – электр энергиясын эсептөөчү прибордун орноткон жери такталат.
Турмуш-тиричилик абоненттери үчүн кошулуу точкасына орнотулбайт, биринчиден, техникалык мүнөздөмөлөргө байланыштуу, экинчиден, эсептигичтин көрсөтмөсүн алуу жана текшерүү ыңгайлыгы үчүн.
Кененирээк: кошулуу точкасы- бул Абонентке чейинки жакынкы зым карагай. Аны эске алганда, зым карагайдан эсептөө приборуна чейинки кабель – бул абоненттин менчиги. Ошондуктан, абонент электр тармагына кошулуу учурунда бул кабелди өзү же Жеткирүүчудөн сүйлөшүү аркылуу сатып алат.

Жооп:Жеткирүүчү эски кабелди алып кетүүгө акысы жок жана керектөөчү менен жаңы кабелди орнотуу үчүн акынын керектөөчү менен макулдашуусу керек.

Кара-Балта. Абонент (лицей) – кубаттулук боюнча штраф эсептелген - 100 миң сом эсептелбеген энергиянын саны боюнча - бузулуу –кожухтун жоктугу жана ачык ТП.

Электр энергиясын жеткирүүчүгө администрациялык жаза чарасын көрүү укугу берилген эмес. "Кубаттулук боюнча штраф эсептелген" - бул штраф эмес, "ЭЭПЭнин бузулган учурда керектөөчүлөрдү тейлөө тартибинин Нускамалары жөнүндөгү " ЭЭПЭ  3 тиркемесине" жана   Эсептелбеген электр энергиясынын өлчөмүн эсептөө тартиби жөнүндө" Б тиркемесине  ылайык электр энергиясы менен камсыздоочу керектөөчү тартипти бузса пайдаланган электр энергиясы эсептелет, акт түзүлөт, комиссия карап чыгат жана андан кийин материалдар Мамэкотехинспекцияга жөнөтүлөт.

Кененирээк: Керектөөчү өзүнүн регионундагы Мамэкотехинспекциянын өкүлүнө (төмөндө Чуй областынын райондору боюнча даректери көрсөтүлгөн) кайрылуусу керек. Анткени “Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” КР Кодексине ылайык Мамэкотехинспекция штраф салуу укугуна ээ, б.а. МЭТИ Керектөөчүнү гана эмес Жеткирүүчүнү да карап чыгуу менен административдик чара колодонуу укугу бар мамлекеттик ыйгарымдуу орган.   

көрсөтүлгөн сумма - 100 миң сом "Керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө Нускамаданын", " Эсептелбеген электр энергиясынын санын эсептөө тартибинин" Б тиркемесинде көрсөтүлгөн формулалар боюнча  эсептелип чыгышы  керек, ошондуктан керектөөчүнүн МЭТИге 100 миң сомго түзүлгөн актынын туура экендигин текшерип берүү арызы менен кайрылуусун сунуштайбыз.

“Кожухтун жоктугу жана ТП жетүү”- бул электр энергиясын эсепке албай пайдаланууну тастыктоочу факт эмес, ошондуктан жеткирүүчү кожух жок болгон учурда ТП кийлигишүү болду жана Керектөөчү пайдаланган электр энергиясын өлчөөчү эсептегичтин сыртынан башка жол аркылуу алгандыгын далилдөөсү керек. Эгерде далилденсе, анда энергокомпания бул материалдарды уурдоо катары кылымыш ишин козгоо үчүн  ыйгарымдуу мекемеге берилиши керек.

Жакында биздин көчөдө энергетиктер эски электр энергиясын эсептегичтерди электрондук эсептегичтерге алмаштырып, орнотууга ар бирибизден 300 сомдон алды жана документ берген жок.

Электр энергиясын тиричилик үчүн пайдаланган абоненттердин энергиясын өлчөөчү эсептегичтер электр энергиясы менен камсыздоочунун менчиги болуп саналат. Ошондуктан,  “Түнүкэлектр” ААК өз эсебинен аны тейлөө жана алмаштыруу кызматын ишке ашырат. Бул учурда алынган жана кайра орнотулган эсептегичтин жеке номерлери, эски эсептегичтин акыркы  көрсөткүчү жазылган эсептөөчү жабдууну алмаштыруу протоколу негизги документ болуп калат. Протоколдун бир экземплярын эсептегичти алмаштырган адис алат, ал эми экинчиси үйдүн ээсинде калат. Ошондой эле эсептөө жабдуусу менчик территорияда орношурулгандыктан үйдүн ээси менен бөлүштүрүүчүнүн ортосунда эсептөөчү жабдууну сактоо актысы толтурулат. Электр эсептегичи энергокомпаниянын менчиги болгондуктан эсептегичти оронотуу үчүн акы алуу мыйзамга каршы келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо бизде бат-бат үзгүлтүккө учурап турат. Жеткирүүчү мекемеге кандай таасир этүүгө болот?

Кыргыз республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө"  мыйзамынын 15-беренеси боюнча узак мөөнөт үзгүлтүккө учураган электр энергиясын жеткирүү фактысы, ГОСТун талаптарына ылайык келбеген электр энергиясын берүү,  ошондой эле бул себептүү пайда болгон материалдык зыян абонент тарабынан акты түрүндө жазылып электр менен жабдуучу уюмдун өкүлү же Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын өкүлү (Мамэкотехинспекциянын) менен күбөлөндүрүлөт. Сапатсыз чыңалууга байланыштуу актыны алты сааттын ичинде жазуу керек. Электр энергиясынын өкүлү келбеген учурда Сиз коңшуңузду,  кварталдык (жамаат) комитеттин же үйдүн комитетинин жетекчисин  катышуусу менен Акт түзсөңүз болот. РЭСтин диспетчерине сөзсүз түрдө телефон чалганга аракет кылыңыз, анткени ал жерде орнотулган үн  каттоочу сиздин диспетчер менен сүйлөшүүңүздү жазып калат. Ошентип, талаш-тартыш жараткан учурду Сиздин чалууңуз аркылуу тастыктоого болот.Телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазуусу бир айдын ичинде сакталат.

Ошондой эле Сиз бузулган жабдуулардын себептерин аныктоо жана экспертизадан өткөрүү үчүн Соттук экспертизалардын Мамлекеттик борборуна кайрылшыңыз керек.
Электр энергиясы менен камсыздоочу мекеме жогоруда аталган борбордун (СЭМБ) зыянга учураган жабдууларды изилдөөсү менен байланышкан жана аны жеткирүүгө кетирген  чыгымдарды  СЭМБ электр энергиясынын ГОСТун талабына жооп бербегендигине байланыштуу жабдуулар бузулган деген корутунду берген учурда толук төлөп берет. СЭМБ дареги: Боконбаев көч.97, тел.30-32-82

Биздин муздаткыч чыңалуунун кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бузулуп калды. Эмне кылышыбыз керек? Арыз менен кайрылсак болобу жана кайда?

ГОСТун талабы боюнча чыңалуу тармактагы номиналдуу  220 Вольт чыңалуудан  + 5 %  дан ашпоосу керек. 
Кыргыз республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө"  мыйзамынын 15-беренесинде жазылгандай узак мөөнөт үзгүлтүккө учураган электр энергиясын жеткирүү фактысы, ГОСТун талаптарына ылайык келбеген электр энергиясын берүү,  ошондой эле бул себептүү пайда болгон материалдык зыян абонент тарабынан акты түрүндө жазылып электр менен жабдуучу уюмдун өкүлү же Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын өкүлү (Мамэкотехинспекциянын) менен күбөлөндүрүлөт. Сапатсыз чыңалууга байланыштуу иштен чыккан тиричилик техникасы жөнүндөгү актыны бузулгандан баштап алты сааттын ичинде жазуу керек. Электр энергиясынын өкүлү келбеген учурда Сиз коңшуңузду же  кварталдык (жамаат) комитетин   чакырып жана  алардын катышуусу менен Акт түзсөңүз болот. РЭСтин диспетчерине (тел. 03522 52343) сөзсүз түрдө телефон чалганга аракет кылыңыз, анткени ал жерде орнотулган үн  каттоочу сиздин диспетчер менен сүйлөшүүңүздү жазып калат. Ошентип, талаш-тартыш жараткан учурду Сиздин чалууңуз аркылуу тастыктоого болот.Телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазуусу бир айдын ичинде сакталат.

Ошондой эле Сиз бузулган жабдуулардын себептерин аныктоо жана экспертизадан өткөрүү үчүн Бишкек ш. Жайгашкан Соттук экспертизалардын Мамлекеттик борборуна кайрылшыңыз керек (СЭМБ: Бөкөнбаев көчөсү, 97 Тел. 30-32-82).
Электр энергиясы менен камсыздоочу мекеме жогоруда аталган борбордун (СЭМБ) зыянга учураган жабдууларды изилдөөсү менен байланышкан жана аны жеткирүүгө кетирген  чыгымдарды  СЭМБ электр энергиясынын ГОСТун талабына жооп бербегендигине байланыштуу жабдуулар бузулган деген корутунду берген учурда толук төлөп берет. Бөлүштүрүүчү корутундуга ылайык керектөөчүгө чыгымдардын  ордун толтуруудан баш тарткан учурда Сиз Сот тартибинде чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга акылуусуз.