Биз жөнүндө пикирлер

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын жашоочулары

Биз, Кара-Суу районунун   Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои, Шамшад, Бостон көчөлөрүнүн жашоочулары "Юнисон" КФ бүткүл жамаатына айрыкча анын жетекчисине биздин көчөлөрдөгү жарык берүүнү, эсептегичтерди кайра калыбына келтирип алмаштыруу боюнча аткарган иштери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бул иш-чаралардан башка да Силердин фондун кызматкерлери тарабынан  укуктук сабаттуулукту  жогорулатууга багытталган агартуу жана жарандар менен маек куруу аркылуу түшүндүрүү иштери аткарылды.

“Юнисон” КФ баардык кызматкерлерине ден соолук, иштерине ийгилик жана бейпилдик каалайбыз!

  1. Аманбаев А.      А. Навои-189 көч.
  2. Сабиров Х.         Шамшат-3 көч.
  3. Рахимов М.        Шамшат-12 көч.
  4. Хакимов У.         Шамшат-7 көч.
  5. Дадажанов З. А. Навои-212 көч.
  6. Юлдашев Х.  А. Навои-214 көч.
  7. Кузибаев Х.       Бостон – 6 көч.
  8. Абдуразаков А.  А. Навои-187 көч.
  9. Мансуров Н.     Шамшад-71 көч.
  10. Борбиев У.       Бостон-6 көч.
  11. Байназаров Э.  Бостон-8 көч.
  12. Артигалиев М.  А.Навои-208,а көч.
  13. Кодиров Ш.      А. Навои-222 көч.
  14. Хапизова М.     А. Навои-224 көч.

20.11.2012г.

№5 кварталынын комитетинин төрагасы, Гапиров Х.

Токторбаева Жамила

Мен Токторбаева Жамила ушул жылдын 2014 жылдын 27-февралында Мажүрүм Тал көчөсүндө жайгашкан кичине соода сатык камогумда иштеп  жатсам Батыров Эркин деген бала келип электр тогуна штраф салып, үзүп кетти. Мен бул жерге иштегениме аз убакыт болгон, 15 күн эле. Бул жерди 10 –февралда ачкан элем. Ошондо 6 ай убакыттын ичинде 4 700 сом штраф салып койду. Мен “Юнисон” коомдук фондунун жардамы менен мен ушул штраф акчаны азайтып алууга жетиштим, жардам бергенине чоңдон-чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Ахмедова С.

“Юнисон” коомдук фондунун кызматкерлери Ирисов Нурланбек, Бейшеев Эркинбекке аткарган иши үчүн ыраазычылыгымды билдиремин.Алар мага мен үчүн оор мезгилде жардам беришти. Ал мезгилде мен кайда кайрыларымды билбей жүргөнмүн. Рахмат, мен үчүн кыйын мезгилде убактын аябай жардам  берүү үчүн колун сунганына.       

Кудай аларга узун өмүр берсин, иштеринде ийгилик болсун.

Биздин Кыргызстанда мындай кишилер жана фонддор көп болсун.

Рахмат, рахмат, рахмат.

“Джалабадэлектро” ААК СТБ директору, Алдосов

Силердин иштөө стилиңер жана өзгөчө элдер менен укуктук сабаттулук жана конструктивдик сүйлөшүүгө жетишүү аркылуу иштөө ыкмалары биз үчүн өтө маанилүү. Тренинг учурунда жана элдер менен чогуу иштөө учурунда биз көп нерсени билдик жана өзүбүздүн ишибизди жакшыртуу боюнча  үйрөнчү нерселер көп экен. Биздин ишибизди жакшыртуу үчүн силердин кызматкерлер билген көндүмдөр биздин кызматкерлерге жетишпейт, андыктан Биз кызматташууну улантууга кызыкдарбыз.”

(Жалалабадэлектро СТБнын жана энергокомпаниянын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн тренинг учурунда)

Муканбетов Равиль Жолочуевич “Чыгышэлектро” ААК СТБ директору

“Силер менен иштешүү бири бирибизди толуктап жаткандыктан биз үчүн дайыма жагымдуу.  Райондун, Айыл Өкмөтүнүн деңгээлинде чогуу  маалымат чогулушун жана тегерек столддорду өткөрсөк жакшы болот эле деп ойлойбуз.   бат бат маалымат материалдарына муктаж болобуз жана өзүбүздүкүн чыгарсак  деген оюбуз бар. Бирок, Силер дайыма Бизден мурда чыгарып жүрөсүңөр жана алар Биздин калк менен иштөөбүздө жана ошондой эле керектөөчүлөрдүн өздөрү үчүн да пайдалуу.”

Сталбек Рыскулов Аксы районунун РЭСинин СТБ Менеджери

Кезектеги көзүмдүн дарылоосуна карабай биздин райондун айылдарында өткөрүлгөн коомдук лекцияларды өткөрүүнү уюштурууга катыштым. Жолугушуулар  аябай кызыктуу өтүп жатат жана көп керектүү маалыматтар бар экен. Өзгөчө, укуктук сабаттулук керектөөчүлөр менен  бөлүштүрүүчүлөрдун ортосундагы мамилелерди  жакшыртат. Буларга мен ишендим жана өзүм үчүн көп нерселери келечектеги иштерим үчүн пайдалуу деп эсептеймин.

Шерматов М.Т.

Мен, Шерматов Медербек Тенизбаевич, өткөн март айында “Ош энергосбыт”  ишканасы менен “жандыруу карызы” деген маселе боюнча күрөштүм. Айлам түгөнгөнгөндө “ЮНИСОН” коомдук фондуна кайрылдым. Ал жерде мени Ирисов Нурлан деген адис кабыл алып, кенеш берди. Нурлан экөөбуз “Энергосбыттын” жетекчисине чейин кирдик. Контролер менен беттешип, алардын иши туура эмес экендигин далилдедик. Электрэнергиясын өчүргөн Маматалиев Майсал деген монтер айыбын мойнуна алып “жандыруу карызы ” деген 288 сомду өзү төлөдү.

Жогорудагыларды айтып жатып кошумчалаганы жатканым төмөнкүлөр: Ушуга окшогон фактылар өтө көбөйүп жатат. Эл наразы. Ошондуктан “Юнисон” коомдук фондунун иштерин элге айтып, массалык маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыя кылыш керек.

“Юнисон” коомдук фондунун иштерине ийгилик каалайм –деп,

Розуева З., Аманбаев Э.

Биз Кара-Суу  районуна караштуу Кашкар-Кыштак Айыл Окмотунун Андижан-маала айылынын тургундары Розуева Зуура, Аманбаев Эргешбай “Юнисон” коомдук фондунун адиси Нурланбек Ирисов жана жалпы фонддун жамаатына терен ыраазычылыгыбызды  билдиребиз. Себеби: “Юнисон” коомдук фондунун адистери бизге жакындан жардам корстотушту.

Бир канча жылдан бери Кара-Суу райондук РЭС менен соттошуп эч кандай тыянак чыкпай жогорку сотко чейин арызданып барып абдан жабыркап калган элек. Ирисов Нурланбек райондук, облустук соттордун электр энергия жаатында тушунугу жок бир жактуу иштеген бир карапайым элдин турмуш тиричилигине кайдыгер караган оома соттор экендигин далилдеп койду. Анын жасаган иштерин терен илимдуу-билимдуу экендигине ынанып калдык. Ошондуктан жана бир жолу ыраазычылык билдиребиз!

06.08.14