Кыргызстан сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен дүйнөдө 119-орунду ээлейт. Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча акыркы орундарда. Бул тууралуу «Юнисон» коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координаторуЖаныбек Кулумбетов кабарлады.