Ченемдик база

Укуктук сабаттуулук энергетиктер тарабынан укуктук мыйзамга жатпаган иш-чараларды колдонуудан коргоону камсыз кылат. Биз “куралдык коргоо” деп атталган бөлүмдөн өз укугуңузду коргой билип жана милдеттериңизди көбүрөөк  билүү үчүн бул тармактагы материалдарды сунуш кылабыз. Маданияттуу мамилелерди түзүүдө бардык тараптан мыйзамдын сакталышын талап кылат.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасы, кардарларыбызды сапаттуу жана үзгүлтүксүз жеткиликтүү электр энергия менен камсыз кылуу үчүн жетиштүү механизмдер жана милдеттер менен аныкталган, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн шарттар түзүлгөн.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн бардык куралдар бар – аларды колдоно билүү гана зарыл

Электр энергия менен камсыз кылуунун жана керектөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген негизги ченемдер:

Энергокомпаниялардын негизги иш принциптерин
  • Бөлүштүрүүчү ишкана өз ишин төмөндөгү принциптерге ылайык жүргүзөт:
  • электр менен коопсуз, ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну колдоо;
  • өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту туруктуу түрдө жогорулатууга алып келе турган башкаруу формаларын тандап алуу;
  • керектөөчүлөрдүн коопсуздук маселелерин камтуу менен алардын таламдарын жана муктаждыктарын урматтоо;
  • адилет баалар боюнча керектөөчүлөргө энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын туруктуу жогорулатуу;
  • керектөөчүлөрдүн даттануулары боюнча чараларды кечиктирбестен көрүү;
  • курчап турган чөйрөгө зыян келтирбөө.

Электр энергетикасы жөнүндө