МА "Турмуш"Нарында өткөн коомдук угууда электр энергиясынын баа наркы боюнча ар кандай пикирлер айтылды

Нарын шаарында болуп өткөн коомдук угууда Кыргызстанда электр кубатынын наркын аныктоо жолго коюлбагандыгы айтылды, деп билдирди аймактык кабарчы.
«Юнисон» коомдук корунун электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун координатору Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, буга байланышкан 10 суроого 10 жооп даярдалды.
«Биздин өлкөдө электр жана жулуулук боюнча алгачкы тариф саясаты 1996-жылы болгон экен. Андан бери 7 жолу каралыптыр. Азыркы тапта кайрадан тарифти кароо маселеси айтылууда. Бирок, тариф боюнча методология иштелип чыга элек. Ошону менен катар түзүмү дагы белгисиз. Ошондуктан, биз 10 суроого 10 жооп камдап тиешелүү органдарга сунуш даярдадык», - деди Ж.Кулумбетов.
Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин кызматкери Талант Сейиткожоев учурдагы бийликтин электр энергиясына болгон баа саясатын аныктай электигин сынга алды.
«4 жылдан бери так, туура баа саясатын аныктоо керек эле. Демек, мындан ары дагы ушундай эле иш боло берет», - деген пикирин билдирди Т.Сейиткожоев.
Ошондой эле, Нарын шаардык кеңештин депутаты Максат Жолдошбеков аталган тармакты эртерээк реформалоо керек экендигин белгилеп: «Мына азыр 70 тыйындан төлөп жатабыз. Эртең 7 сомго дагы электр энергиясын таппай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, тезирээк реформа жасоо зарыл», - деди.
Мындан сырткары, «акылдуу» эсептегичтерди орнотууну тездетип, пайдаланган электр эенергиясы үчүн алдын ала төлөм киргизүү керек деген ойлор айтылды.